COVID-19дан дагы 11 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 1-июнда маалымдагандай, өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 11 бейтап коронавирустан айыкты. Бишкек шаарынан беш жана Нарын облусунан алты кишинин коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөтүп, алар ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 1181ге жетти — алардын 252си медкызматкер.

Кыргызстанда 1-июнга карата коронавирустун жаңы 69 учуру катталды — жалпысынан 1817 учур. Ооруканаларда 620 адам жатат — алардын он экиси оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө беш бейтап которулган.