Чечме айылы. 31май, 2020-жыл. Сүрөт: "Азаттык" / Жеңиш Айдаров

Материал саат 12:30да жаңыртылды.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынан Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы «абал жөнгө салынды» деп билдиришти. Ошондой эле, чыр чыккан чек ара аймагында коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов облустун Кадамжай районуна барды. Ал Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушат.

Саламаттык сактоо министрлиги Айдаркен шаарындагы ооруканага  жалпысынан 25 адам келип түшкөнүн кабарлады. 

Алардын ичинен төрт адам дарыланууга жаткырылып, экөөнүн абалы оор, дагы экөөнүкү салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Калган кишилер медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үй шартында дарыланууга чыгарылган.

31-майда түшкө жуук Кадамжай районунун Чечме айылы менен Сох анклавынын тургундарынын ортосунда чыр чыкты. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн аймакка кошумча укук коргоо органдарынын кызматкерлери тартылды. Ал арада Кыргызстан менен Өзбекстандын жергиликтүү бийлик органдары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканы кабарланды.

«Өкмөттүн Баткендеги өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбай Максүтов, Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров, Фергана облусунун губернатору Шухрат Ганиев, Сох анклавынын акими менен болуп өткөн чыр боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат», — деп жазылат өкмөт тараткан билдирүүдө.

Кыргызстандын версиясы

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров «Азаттык» үналгысына эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда алгач кайым айтышуу орун алып, ал таш ыргытууга айланганын маалымдаган. Ошондой эле чырга Кадамжайга караштуу Чечме булагы себеп болгонун айткан.

Анын айтымында, булак такталбаган аймакта жайгашкан, аны эки тарап тең пайдаланып келген. Ал эми бул сыяктуу чыр жыл сайын эле чыгып тураарын белгилеген. Анткен менен Мадумаров аталган маселени чечүүнүн жолдору бар дейт.

«Учурда Чек ара кызматы демаркациялоо, тосуу, алдын алуу иштерин жасап жатат. Ушул жумада эле жолугушуу болгон. Бирок коронавирус пандемиясы маалында бул жолугушуулар белгисиз мөөнөткө калды. Ал жердеги булактын маселеси чечилбей келатат. Эгерде бул булак бир өлкөнүн пайдасына чечилсе, экинчиси суусуз калышы ыктымал. Ошондуктан булак көйгөйлүү маселе болуп эсептелинет. Бирок бул маселени чечүүнүн жолдору бар. Эки тараптуу жолугушуу болгондо чечебиз», — деген ал.

Соцтармактарга жарыяланган тасмалардан 100дөгөн адамды көрүүгө болот. Жергиликтүү тургундардын айтымында, булактын башында өзбекстандын жарандары бир нече кыргызстандыктарга таандык унааны талкалап салышкан. Ошондой эле, жаңжалда сарай жана турак жай өрттөнгөнү айтылды.

Болжол менен 10 саатка чейин уланган тирешүү тууралуу расмий маалыматты өкмөт кечке жуук гана берди. Учурда чырга канча адам катышканы такталууда.

Өзбекстандын версиясы

«Азаттыктын» өзбек кызматына Сох анклавынын тургуну жаңжал Чечме булагында суу талаштын айынан чыкканын тастыктаган. Атын атагысы келбеген тургундун айтымында, өзбек дарандары суу алабыз деп барганда, «кыргызстандыктар сууну биз алабыз» деп туруп алышкан. Ал ошондой эле жаңжалдан бир нече адам жаракат алып, 16 киши ооруканага түшкөнүн билдирген.

Ал эми Өзбекстандын чек ара кызматы «кырдаал көзөмөлдө» деп билдирүү тараткан. Ошондой эле эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ырастаган.

«Жаңжалдын себептерин аныктоо жана кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат», — деп жазылган маалыматта