Бакиевди өлкөгө мажбурлап алып келүү иши жүрүүдө — Башкы прокуратура

Башкы прокуратура Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин билдирүүсүнө жооп берди. Мурдараак кулатылган президент маек куруп, 2010-жылдын апрелиндеги төңкөрүш үчүн кыргызстандыктар андан кечирим сурагысы келет деп айткан.

«Курманбек Бакиевге, анын туугандарына, анын ичинде уулу Максим Бакиевге жана ага жакын адамдарга мурда козголгон кылмыш иштери боюнча соттор тараптан аталган адамдарга оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоо фактылары боюнча ар кандай мөөнөттө эркиндиктен ажыратуу жана башка жаза түрлөрү боюнча айыптоо өкүмдөрү чыккан», — деп белгилешти Башкы прокуратурадан.

Ошондой эле, ведомстводон Бакиев, анын туугандары жана башка жакын адамдары төмөнкү кылмыштарга айыпталганын билдиришти:

  • «Жерүй» алтын кенин иштетүүдөгү жана аны үчүнчү тарапка сатуудагы өзгөчө артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу;
  • «Азия универсал банктан» жана Кыргызстандын Социалдык фондунан 2 млрд сомдон ашык акчаны менчиктеп алуу;
  • «Ысык-Көл» компаниясынын 20% акциясын сатууга мажбурлоо;
  • Максим Бакиев жана ага жакын адамдардын Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсү, 24 дарегинде жайгашкан «Учкун» басмаканасынын жанындагы 904,6 м² имаратты жана 0,385 га жерди мыйзамсыз менчиктеп алуулары;
  • «Азия универсал банк» жана Кыргызинвестбанк аркылуу арам акчаны адалдаганы;
  • «Манас Банк», «Киммел», «Мавал Актив» компаниялары аркылуу чет элдик жарандардын кылмыштуу жол менен табылган арам акчасын адалдаганы;
  • 2010-жылы 7-апрелде Бишкектин Ала-Тоо аянтында нааразылык митингине чыккан адамдарга ок атып өлтүргөнү.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жогоруда аталган бардык кылмыштар үчүн Курманбек Бакиев сыртынан 30 жылга кесилип, издөөгө жарыяланган.

«Азыркы учурда Курманбек Бакиевди жана анын туугандары Жаныбекти (Жаныш), Адилбекти, Маратты, Каныбекти, анан уулу Максимди жана башкаларды өлкөгө кайтаруу боюнча мажбурлоочу чараларды ишке ашыруу боюнча иш жүрүп жатат», — деп билдиришти ведомстводон.

Бакиевдин билдирүүсү

«NazarNews» басылмасы 30-майда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен курган маегин жарыялаган.

Маекте учурда Беларуста жашап аткан Бакиев кыргызстандыктарга кайрылып, элден кечирим сураган.

Мурдагы президенттин айтымында, ал соцтармактарда Болсун Рысбеков деген таластык жаш жигиттин соцтармакта «Курманбек Салиевич, мени кечириңиз!» деп жазган билдирүүсүн көрүп калгандан кийин элге кайрылууну чечкен.

Бакиев «миңдеген, миллиондогон жөнөкөй адамдар» дагы ошондой деп айткысы келмек деп билдирген.

«Ал төңкөрүшкө катышкандар, ошол төңкөрүштүн максатын бири билсе, бири билбей, бири түшүнсө, бири түшүнбөй туура эмес маалыматтар менен ызы-чууга келип калышып, ачууга алдырып коюшканын туура түшүнгөнмүн. [...] Бирок, төңкөрүштү уюштуруучуларды, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев, Болот Шерниязов жана башка башында турган 14 Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн өзүм үчүн эмес, бүгүнкү күндө ар тараптан кыйналып карайлап турган кыргыз элим үчүн эки дүйнөдө тең кечирбеймин!» — деген ал.

Анын айтымында, ал аларды жеке таарынычы үчүн эмес, «кыйналып карайлап турган кыргыз эли үчүн» кечирбейт. Ошондой эле ал өзүн күнөөсүз деп эсептеберин билдирген.

«Мен мага чейинки, менден кийинки иштеген Президенттер жөнүндө эч нерсе деп айтпайм. Айткан да эмесмин айтпаймын. Калыстык менен эл өз баасын берип алсын. Тарыхый окуялар толук мисал боло алат. Болгон окуялар өзү далилдеп турат», — деп кошумчалаган ал.

«Эл Бакиевдин кечирим суроосуна муктаж эмес»

Кийинчерээк, «Апрель революциясынын» катышуучуларынын тобу 1-июнда өткөн басма сөз жыйында Бакиевдин кайрылуусуна жооп беришти.

«Көрсө ал кайрылуу жасап, кыргыз элин кечирдим дептир. Биз анын былыктарын билебиз. Аны кулатууда канча дам мүрт кетти? Канчалаган эне балдарынан айрылды, канча бала атасыз калды? Биз президентти жана күч түзүмдөрүн Бакиевди экстрадициялоону суранабыз, кылганы үчүн мыйзам чегинде жооп берсин. Уурдалгандарды элге кайтарып беришсин», — деп билдирди «Айкөл — Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин төрага орун басары Жылдызбек Исаков.

«Аксы апрель акыйкат коом» КУнун өкүлү Ихтияр Адылбеков Кыргызстандын эли анын кечирим сурашына муктаж эмес деп билдирди.

«Ал бизди кечире тургандай адам эмес», — деди ал.

«Апрельдеги революциянын» башка мүчөлөрү да Бакиевди ал сот жоопкерчилигине тартылышы үчүн гана киргизишээрин белгилешти.

Курманбек Бакиев Кыргызстандын тарыхындагы экинчи кулатылган президент болгон. Ал беш жыл гана башкарып, 2010-жылдын 7-апрелинде бийликтен ажыраган. Ошол күнү, революция болуп жатканда анын буйругу боюнча күч кызматкерлери нааразылыгын билдиргендерге каршы курал колдонгон. Ал окуяда 80ден ашуун адам курман болгон. Саясатчы кланчылыкка, ал эми анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү рейдерликке жана атаандаштарын, журналисттерди өлтүрүүгө айыпташкан.

Кыргызстанда ага, анын балдарына жана инисине каршы кылмыш иштери козголуп, сыртынан чоң мөөнөттөрдөн баштап өмүр бою эркинен ажыратууга чейинки жаза чарларына соттолушкан.

Ага чейинки президент Аскар Акаев 2005-жылы кулатылган. Акаев учурда Орусияда жашайт, ал эми Бакиев Беларуста саясий башпаанек алган.

2010-жылдагы революциядан кийин президенттикке Алмазбек Атамбаев шайланып, 2017-жылы мөөнөтү аяктаган кызматынан кеткен.