Сүрөт: Президенттин сайты

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө резиденциясына беш баланы чакырды. Алар «Ала-Арча» резиенциясынын аймагында сейилдеп, күнүмдүк жашоо жана бала кыялдары тууралуу сүйлөшүштү.

Майрамга карата Жээнбеков балдарга ноутбук белек кылды, алар болсо өлкө башчысына ак илбирстин формасына келтирип жасашкан акча чогултуучу кутучаны тартуулашты.

Бул жолугушуу КТРКда көрсөтүлгөн «Мээрим» теледолбоору аркылуу уюштурулган. Телеберүүдө жетим балдардын, аз камсыз жана толук эмес үй-бүлөлөрдүн балдардын окуялары баяндалат. Бул теледолбоор аркылуу аялуу үй-бүлөлөргө жардам бергиси келген адамдарды табышат.