Өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 1200дөн ашты

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штабдан өткөн суткада коронавирус жуктурган дагы 38 бейтап айыкканын кабарлашты — алардын арасында эки медкызматкер бар. Айыккандардын эң көбү Бишкек шаарындагы ооруканада дарыланып жатышкан — 18.

Ошондой эле, Ош шаарыда, Нарын жана Ош облустарында алтыдан, ошондой эле Жалал-Абад облусунда 2 бейтаптын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп айыккан бейтаптардын саны 1219 жетти — алардын арасында 254 медкызматкер бар.

Кыргызстанда 2-июнга карата коронавирустун жаңы 28 учур катталды — жалпы 1845 учур. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 609 адам жатат — алардын бешөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.