Парламент комитети экинчи окууда шайлоо босогосун 7%га чейин төмөндөтүүнү колдоду

Парламенттин конституциялык мыйзамдар боюнча комитети партиялар үчүн шайлоодон өтүү босогосун 9%дан 7%га чейин азайтуу тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Парламентке шайлоо жөнүндө мыйзамына түзөтүүлөрдү ушул эле комитеттин төрагасы Канат Керезбеков демилгелеген.

Маалымкат-негиздемеде мыйзам долбоорунун авторлору билдиришкендей, «9% босогодон өтүү үчүн партияларда авторитет жана калктын арасында колдоо болушу керек, чоң каржы жана административду ресурстарды колдонуу керек болот», ал эми шайлоо босогосун төмөндөтүү ар кандай партиялардын өкүлдөрү парламентте өкүлчүлүк кылышына түрткү болмок.

Мурдараак депутат Мирлан Жээнчороев партиялар үчүн шайлоодөн өтүү босогосун 5%га чейин азайтууну сунуштаган, бирок аны 14 эл өкүлүнүн ичинен болгону 14ү гана колдогон. Ал 2017-жылы ошол учурда иштеп аткан шайлоо босогосун 7%дан 9%га чейин көтөрүү боюнча демилечилердин бири болгон. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова партиялар үчүн 7% босогону колдоду.

2010-жылдагы шайлоодо шайлоо босогосу 5% түзгөн, бирок аны 2015-жылдагы шайлоонун алдында 7% чейин көтөрүшкөн. Ошол эле чакырылыш 2017-жылы жактырган түзөтүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңешке өткүсү келген партиялар шайлоо участкасына келген шайлочулардын 9%дан кем эмес добушун алуулары керек болгон.

Партиялардагы чаржайыттык

Шайлоодо партиялар үчүн шайлоо босогосун азайтуу тууралуу депутаттар үстүбүздөгү жылдын октябрында пландалып аткан парламенттик шайлоонун алдында кеп кыла башташты. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун айынан качандыр бир кезде бийликчил болуп турган КСДП партиясы учурда лидерлик позицияларын жоготуп койгон.

Лидерлик позицияда болгон дагы бир — «Республика — Ата-Журт» партиясы да учурда башынан кризисти өткөрүүдө. Партияда чаржайыттык байкалып турат, анткени анын лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон утулуп калгандан кийин саясаттан кеткен болчу.

Ал шайлоо учурунда жана андан кийин да Жээнбеков менен Атамбаев кысым көрсөтүп, ага карата козголгон кылмыш иштерин аягына чейин чыгаруу менен коркутушканын билдирген. Учурда партияны Мирлан Жээнчороев жетектейт.

Натыйжада учурда парламентте күчтүү партия жок, ошондуктан жакын арада формат өзгөртүүлөр жана азыркы саясий биримдиктер менен биригүүлөр болушу мүмкүн. Бул деген азыркы иштеп аткан депутаттар кийинки чакырылышка илинүү үчүн күчтүү, же бай партияларды табышы керек дегенди айгинелейт.

Жергиликтүү кеңешке шайлоолор коронавирус пандемиясынан улам өтпөй калган, бирок шайлоо өнөктүгүндө «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партиялары алдыга озуп чыгышкан — бул партиялардын жетекчилерин бир жактан Матраимовдордун кланы менен, экинчи жактан Жээнбековдордун кланы менен байланыштырышат.

Булардан сырткары «Чоң Казат» кыймылы таанымал боло баштады, кыймылдын мүчөлөрү бай саясатчылардын бетин ачууну жана «уурдалгандарды кайтарууну» талап кылышууда.