Парламент комитети партиялар үчүн шайлоо күрөөсүн азайтуу боюнча сунушту колдогон жок

Парламенттин конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинде эл өкүлдөрү Дастан Бекешев менен Марлен Маматалиевдин Жогорку Кеңешке шайлоодо партиялар үчүн күрөөнү беш миллион сомдон бир миллион сомго чейин азайтуу жөнүндө демилгеси колдоо тапкан жок. Демилгени 12 депутаттын ичинен бирөө гана колдогон.

Ушул эле жыйында комитет экинчи окууда шайлоо жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдү колдоду. Ага ылайык, партиялар үчүш шайлоо босогосу 7%га чейин төмөндөшү керек.

«Шайлоо босогосун 7%га чейин азайтуу сунушталып атса, анда финансылык тоскоолдуктарды да азайтыш керек деп эсептейбиз. Бул партиялар үчүн жакшы. Мындай тажрыйба КМШ өлкөлөрүндө гана бар, Европада шайлоо күрөөсү деген түшүнүк таптакыр жок», — деди Бекешев.

Ушул эле жыйында башка депутат Нурбек Сыдыгалиев партиялар үчүн күрөөнү 10 млн сомго чейинк көбөйтүп, аларды шайлоонун жыйынтыгы кандай болооруна карабастан казынада калтырууну сунуштады.

Шайлоо күрөөсүн өзгөртүү боюнча бул сунуштун экөөсү тең комитеттин мүчөлөрү тарабынан жактырылган жок.

Учурда партиялар парламенттик шайлоого катыша тургандыгын бышыктоо үчүн БШКга беш миллион сом которушу керек. Алардын ичинен шайлоочулардын 5% ашык добушун алгандары гана акчаларын кайра кайтарып ала алышат.