Парламент 2020-жылдын 4-июнунда Орусиянын аба-аскерлеринин Канттагы базасынын статусу жана жайгашуусу тууралуу протоколду ратификациялоо боюнча мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөрдү карап чыгат. Бул туурасында Kaktus.media басылмасы 2-июнда «Кыргызстан Орусиянын Канттагы аскердик базасынын аймагын оңдоп түзөө иштеринин акысына аны аларга берүүнү чечти» деген аталышта кабарлаган.

Мындан кийин айрым окурмандар депутаттар бул түзөтүүлөрдү кабыл алса Кыргызстандын аймагынын бир бөлүгү Орусияга өтүп кетет деп ойлоп калышты. Биз негизинен келишим, протокол, мыйзам долбоору жана башка документтер эмнени билдирээрин түшүндүрөбүз.

Орусиянын базасы

Орусия менен Кыргызстан 2003-жылы Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) алкагында Кант шаарында авиа базасын түзүү жөнүндө 15 жылга келишим түзгөн. Бул келишимге ылайык, Орусиядан жерди ижарага алуу акысы алынбайт. Аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн орус аскерлерин жайгаштыруу базанын негизги милдеттеринин бири болгон.

Орусиянын Кыргызстандагы бириккен базасына бир катар объекттер кирет, алар: Кант шаарындагы «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы сынамык базасы, Чалдовар айыл аймагындагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суу шаарындагы автономдук сейсмикалык пункт.

Башында ар бир объект өз-өзүнчө каралчу, бирок кийинчерээк Кыргызстан жана Орусия аларды бириккен орус базасына киргизүүнү чечкен.

Макулдашуу

Базаны колдонуу жөнүндө документ «Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы курама орусиялык аскер базасынын Кыргыз Республикасынын аймагында болушунун абалы жана шарттары жөнүндө макулдашуу» деп аталат, ал 2012-жылдын 20-сентябрында түзүлгөн. Келишим 15 жылга түзүлүп кол коюлган жана эгерде мамлекеттер бири-бирине аны бузуу ниети жөнүндө билдирбесе, анда кийинки беш жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылат.

Документке ылайык, Орусия жердин ар бир чарчы метри үчүн 50 цент же 0,5 доллар төлөгөн. Ошентип, ижаранын жалпы суммасы 4,5 миллион АКШ долларын түзгөн.

Мындан сырткары, баардык төрт объект тең орус базасынын астында болуп түшүндүрүлө баштаган. Анткен менен бул макулдашуу пункту 5 жылдан кийин гана күчүнө кирген – 2017-жылдын 29-январында.

2013-жылы Бишкек АКШ менен транзиттик жүктөрдүн борборун жайгаштыруу боюнча келишимди жокко чыгарган. 2014-жылдын 11-июлунда АКШ бул объектини толугу менен чыгарып кеткен. Мурунку президент Алмазбек Атамбаев анын 2010-жылы жабылышы керек экенин айткан. АКШ транзиттик жүктөрдүн борборун ижарасы үчүн жылына 60 миллион доллар төлөп келген.

Мындан кийин орус бириккен базасы Кыргызстандын аймагындагы жалгыз чет элдик аскердик база болуп калган жана азыркы күнгө чейин ошондой.

2016-жылдын декабрь айында, Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп турганда, келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин, орус аскерлери өлкөдөн «чыгып кетүүсү зарыл» деп айткан. Анын айтымында, республика «өзүнүн аскер күчтөрүнө» таянышы керек.

Орусиянын аскер күчтөрүнө авиабазаны берүү жөнүндө келишим 2018-жылы бүтмөк.

Андан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин 2017-жылдын 28-февралында Атамбаев менен болгон жолугушууда, эгер кыргыз тарап өздөрүнүн куралдуу күчтөрүн жетишээрлик деңгээлде түптөп алып, аларга орус базасы керек эмес экенин айтса, анда орус аскерлери «ошол эле күнү» чыгып кетишээрин билдирген.

«Бизге аскердик контингентти жайгаштыруунун эч кандай зарылчылыгы жок. Бул Кыргызстандын өзүнүн коопсуздугу менен гана байланышкан» — деген ошол учурда Путин.

Протокол

Кыргызстандын учурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы 22-мартта 2012-жылы түзүлгөн келишимге өзгөртүү киргизген протоколдун текстин жактырган.

Бул протоколго Владимир Путиндин 2019-жылдын 28-мартында Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары учурунда кол коюлган.

Буга чейин, 2016 жана 2017-жылдары, протоколду даярдоо учурунда эки жак тең орус тарап ижарага алган жерлерде биргелешкен топографиялык съёмка жүргүзүшкөн. Ал ишти Жер ресурстарын пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргызгипрозем» Жерди башкаруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту жүргүзгөн.

Топосъёмканын жыйынтыгында орус тарап 866,2 га аймактын ордуна 924,52 га тилкесин пайдаланып жатканы маалым болгон — бул макулдашууда жазылгандан 58,32 гектарга көп. Тагыраак айтканда, Орусия Чалдовардагы байланыш түйүнүнүн аймагын 811,2 гектардан 851,2 гектарга чейин кеңейтип, ал эми Караколдогу сынамык базасынын аймагын 55 гектардан 73,3 гектарга чейин кеңейтип алган.

«Протокол күчүнө киргенден кийин, ижара акысынын суммасы 4 794 095 АКШ долларын түзөт», — деп айтылат Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев кол койгон документте.

Ошентип аймактын кеңейгенине байлашынтуу «рента» 291 600 долларга көбөйөт.

Мындан сырткары, протокол күчүнө киргенден кийин 2012-жылдын 20-сентябрынан баштап Орусия өзү колдонгон ашыкча аймак үчүн ижара акысын толтуруп берет.

Учуп-конуу тилкеси

Маалымкат-негиздемеде жана өкмөттүн корутундусунда эл аралык келишимге кол коюлгандан кийин 2003-жылы орус тарапка убактылуу колдонуу үчүн берилген «Кант» аэродромундагы учуп-конуу тилкеси жөнүндө да айтылган.

Өкмөттүн корутундусуна ылайык, азыр «учуу-конуу тилкесин капиталдык оңдоп-түзөө иштерин, ошондой эле олуттуу капиталдык салымдарды талап кылган айрым түзүмдүк өзгөртүүлөрдү киргизүү керектелет».

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы орус тараптын аба майданындагы аймактын тилкесин жана башка объектилерин өз эсебинен оңдоосууна кызыкдар.

Ал буга «Кант» аэродромунда «республиканын түштүгүнө жүктөрдү жана жеке курамды ташуу үчүн» эки кыргызстандык АН-26 учагы бар болгону үчүн да кызыкдар. Орусия бул учактарды 2017-жылы Кыргызстанга өткөрүп берген.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Өкмөтүнүн корутундусуна ылайык, «Кант» аэродрому «Манас» эл аралык аэропорту үчүн резерв болуп саналат.

Орусиянын Коргоо министрлиги киргизилген ажырагыс жакшыртууларга менчик укугу өткөрүлүп берилбесе, анда ал үчүн каражат бөлүнбөйт деп билдирди.

Ушунун бардыгын эске алып, Башкы штаб мыйзамга мамлекеттер ортосундагы келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин ушул объектилердин баары Кыргызстанга кайтарылып бериле турган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо.

Мындан тышкары, Россия «Орлан-10» үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттарды жана эки «Форпост» үлгүсүн «тарапташ мамлекеттердин коопсуздугун камсыз кылуу» максатында Кыргызстандын аймагына жайгаштырат. Ошондой эле учуп-конуу тилкесиндеги объектилер биргелешип иштеткен объектилердин тизмесине киргизилет.

«Бул долбоор коомдук талкууга алынбайт, анткени ал жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына таасирин тийгизбейт, ошондой эле ишкердик ишмердүүлүктү жөнгө салбайт», – деп айтылат маалымкат-негиздемеде.

Бул мыйзам долбоорунун айынан тутанган коомдук резонанстан кийин, Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы реконструкция жүргүзүлгөндөн кийин орус тарап «Кант» аэродромунун учуу-конуу тилкесин оңдоо үчүн колдонулган бетон плиталарга гана ээ болот деп билдирди. Ал эми учуп-конуу тилкесиндеги жерлер Кыргызстанга таандык бойдон калат.

«Тиешелүү эки тараптуу документтердин негизинде Кант аэропорту “Манас” эл аралык аэропортунун резервинде турат. Учуп-конуу тилкеси жалпы объект. Орусия тарап Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн учактарын, ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин учактарын бекер кабыл алып/чыгарууда», — деп билдиришти Башкы штабдан.