![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2020/06/94394289_2848393351946636_4851640691589120000_o-1.jpg)
Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус инфекциясы дагы 26 адамдан табылды — алардын бирөөсү медкызматкер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 3-июндагы брифингде билдирди.
Илдеттин эң көп жаңы учуру Бишкек шаарында катталды — 16. Ошондой эле коронавирус Нарын облусунда жети, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден бейтапта табылды.
Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 1871ге жетти — анын 365и медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 1265 адам айыкты, жыйырма бейтап көз жумду.
Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкек шаарында катталган — 484 учур. Нарын облусу бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда келе жатат — 380 учур. Ош облусунда — 220, Жалал-Абад облусунда — 163, Ош шаарында — 207, Чүй облусунда — 133, Баткен облусунда — 30 жана Ысык-Көл облусунда 14 адам илдетке чалдыкты.
Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктардын арасында 256 адамда коронавирус аныкталды.
Учурда ооруканаларда 586 адам калууда — алардын он экиси оор абалда, үчөөсү жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияга 2380 адам алынды.
Коронавируска чалдыккандар менен карым-катнашта болгондордун саны 7713тү түздү. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 2377.