Ош облусундагы Кара-Суу районунун Папан айыл аймагына караштуу Тарылга айылынын тургундары аймакта көмүр кендерди иштетип жаткан компанияларга нааразычылыгын билдиришип 25-майда жолду тосушту.Жергиликтүүлөрдүн айтымында, айылды аралаган оор жүк ташуучу унаалар жолду бузуп, кээ бир тургундардын үйлөрүндө жаракалар пайда болуп баштады. Жолду бууган жашоочулар көчөгө асфальт төшөп берүүнү, же болбосо көмүр ташыган унаалардын башка жол менен жүрүүсүн талап кылышууда.
Элдин сабыры түгөндү
Элеттиктердин айтымында, айылды аралаган жол менен күнүнө 30дай «Хово» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар өтөт. Ал эми алардын жалпы саны 300гө чамалайт дешүүдө.
«10-15 жылдан бери көмүр ташылып, жол чаңдайт. Мына көмүрдүн башчыларына кайрылдык, кирсек: “Водовоз (суу ташуучу унаа — редакция) беребиз, жолуңарга суу себилет” деген эле. Аны дагы берген жок. [...] Ушул биздин айылдын ичиндеги жолго асфальт төшөп берсе эле болду», — дейт Тарылга айылынын тургундарынын бири Абдыкайым Жамалов.
Тарылга айылынын дагы бир тургуну Сазида Атантаеванын үйү жол боюнда жайгашкан. Анын айтымында, унаалардын айынан үйүндө жана короо-жайынын дубалынан жаракалар кеткен.
«”Пул төлөп, үйдү куруп бер” деген жокпуз. Ушул жолду эле асфальт кылса, ушул чаңдан алыс болсок. Очогубуз тиги жерде: тамак жасаганда бүт чаңдайт. Биз дагы ошондон жададык. [...] [Жолду] тосо беребиз, өлүп кетсин. Камалсак камала беребиз да, эмне? Тосконубуз...эми катындар чыгабыз, кечээ балдар чыккан. Биз өзүбүз чыгып тоспосок болбой калды», — деди Атантаева.
Тарылгалыктар жол буулган күнү жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү келип, 7-июнга чейин маселени чечип берүү үчүн убакыт суракшанын айтышат.
Жол жергиликтүү бюджеттен салынбайт
Ал эми өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы бул маалыматты тастыктады. Бирок айылдан өткөн жол республикалык мааниде болгондуктан жергиликтүү бюджеттин эсебинен салынбай турганын билдирди.
«Бирок ал жердеги ички жолдордон 1 километрге чейинкини карап көрүү жана айылга ФАП салып берүү боюнча жергиликтүү бюджеттен, кендерди [казып жаткан компанияларды] демөөрчүлүккө тартуу боюнча айыл өкмөт башчысы [Курбанбек Мияшев] 10 күн [мөөнөт берүүнү] уруксат сурады», — деди басма сөз катчы.
Ошондой эле Кадырбек кызы тургундар кайрадан жолду тосо турган болсо жоопкерчиликке тартылып калышы мүмкүндүгүн кошумчалады. Ал эми жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө чаң кирбеши үчүн кенди иштетип жаткан компаниялар суу чача турган унаа бөлүп берүү маселесин карап жатканын билдирди.
Кара-Суу районунун акиминин орун басары Капарбек Адиев жол республикалык мааниде болгонунун тастыктап, бул маселе учурда каралып жатканын билдирди. Бирок тагыраак маалымат алууга мүмкүн болгон жок.
Мыйзамды айланып өтүү амалы
Бирок Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов Тарылга айылынан өткөн жол республикалык мааниде эмес экенин кабарлады. Анын айтымында, бул жолду Папан айыл өкмөтү салып берген. Көмүр ташыган унаалар республикалык маанидеги жолдордо жүргөндө аларды министрликтин «мобилдүү топтору» токтотуп, жүктүн салмагын өлчөйт. Эгерде унаанын жүгү ченемден ашса айдоочуга (же компанияга) айыппул салынат.
«Ошондуктан булар айыл өкмөт салган альтернативдик жолду колдонушат. Булар [көмүр ташыган унаалар] көбүрөөк жүктөп, [мобилдик топтордон] качууга аракет жасашат окшойт», — деп түшүндүрдү Досумбетов.
Министрликтин алдындагы автотранспорт агенттигинин транспортту көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Чотоналиевдин айтымында, мурдагы Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексиндеги «Транспорттук каражаттардын белгиленген салмак габариттик параметрлерин сактабоо» беренесинде унаанын жүгү белгиленген ченемден ашса ага карата айыппул салынган. Бирок 2019-жылдын баштап бул мыйзам күчүн жоготту.
«Жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 50 миң сом айыппул каралган болчу. Тилекке каршы жаңы Бузуулар кодекси күчүнө киргенден тарта бул берене жокко чыгарылды. [...] Учурда бул чараларды кайтаруу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору Жогорку Кеңеште, эгерде ал жакта кабыл алышса айып пулдар кайрадан күчүнө кирет. Биринчи окууда депутаттардын бир тобу мыйзам долбоорун жактырбай, транспорт боюнча комитетке кайрадан иштеп чыгуу үчүн жөнөтүшкөн. Тилекке каршы мыйзам долбоорун өткөрбөй жатышат», — деди Чотоналиев.
Учурда, өкмөттүн токтомуна ылайык, жүк ташуучу унаа жолго келтирген зыянды гана төлөп берет: эгерде унаанын салмагы белгиленген лимиттен ашса, ар бир тонна ашыкча жүктүн 1 км аралык жол жүргөнү үчүн айдоочу (же компания) 40 сом компенсация төлөшү зарыл. Мисалы, унаа 1 тонна ашыкча жүк менен 10 километр жүргөн болсо ал 400 сом компенсация төлөйт.
Унаалардын салмагы транспорттук контролдоо пункттарында же Транспорт жана жолдор министрилигинин мобилдүү топтору тарабынан өлчөнөт.
«Салык төгүп жатабыз. Жолду мамлекет салып берет»
Папандын жолун Кожо-Келең жана Загара көмүр кендерин казган компаниялардын унаалары пайдаланышат.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин маалыматына ылайык, ал кендерде 8 компания көмүр казат. Алар: «Ноокат-Строй», «Рудник», «Мега Коал», «Жолчырак», «Жол-Чырак» , «Семург-Кен», «Кожокелен-Ата» жана «Ак-Жылга» ЖЧКлары. Бирок ал компаниялардын бардыгынын унаалары Папан аркылуу көмүр ташыбайт, кээ бирлери Алай району аркылуу катташат.
Айрым компаниялардын Юстиция министрлигинин сайтындагы юридикалык жактардын электрондук базасында көрсөтүлгөн маалыматтагы телефон номерлери аларга таандык эмес болуп чыкты. Кээ биринин телефондору өчүрүлгөн.
«Жолчырак» ЖЧКсынын өкүлү Муратбек Исраиловдун айтымында, айылга жол салып берүүгө компаниялардын тиешеси жок, себеби алар көмүрдөн түшкөн кирешенин эсебинен мамлекетке салык төлөп келишет.
«Биз көмүр казып, элди көмүр менен камсыз кылган адамбыз. Ошонун эсебинен биз салык төлөйбүз. [...] Бузулган жолдорду көмүр казгандар салып бербейт, аны мамлекет салып берет», — деди Исраилов.
Ошондой эле «Жолчырак» компаниясынын өкүлү ал менен Папан айыл өкмөтүнөн демөөрчүлүк маселеси боюнча эч ким байланыша электигин кошумчалады.
«Ачык бюджет» порталындагы маалыматка ылайык, аталган компаниялар бюджетке ар кандай төлөмдөрдүн эсебинен жалпысынан 9,6 миллион сомго жакын каражат төгүшкөн. Тагыраак айтканда:
- «Жол-Чырак» ЖЧКсы 3 388 811 сом;
- «Жолчырак» ЖЧКсы 2 394 164 сом;
- «Кожокелен-Ата» ЖЧКсы 1 749 891 сом;
- «Семург-Кен» ЖЧКсы 978 860 сом;
- «Ноокат-Строй» ЖЧКсы 831 369 сом;
- «Ак-Жылга» ЖЧКсы 159 130 сом;
- «Мега Коал» ЖЧКсы 69 132 сом;
- «Рудник» ЖЧКсы 28 028 сом.
Өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, аталган компаниялар Кадамжай, Ноокат жана Папандын жергиликтүү бюджетине салыкты төлөп келишет.
Транспорт жана жолдор министрилигинин маалыматына ылайык, 1996-жылдан 2018-жылга чейин Кыргызстандын жолдорун оңдоо үчүн 2,5 млрд АКШ доллар насыя жана грант алганган. Ал эми өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгында эле жол оңдоо иштерине 1,3 млрд сом жумшалган.