Сейтек Атамбаев

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев журналист Майраш Базлакуновага маек берип, анда атасы менен болгон мамилеси, анын жанында жүргөн таасирдүү кишилер жана учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу айтып берген.

Атамбаев маегинде өлкөдөгү саясий абалга кимдер таасир бергенин жана дос-душмандар жөнүндө дагы баяндаган. «Клооп» Сейтек Атамбаевдин интервьюсундагы урунттуу учурларды чогултту.

«Атамдын бир катасы»

Кичине токтоо болуш керек экен. Бирөө бир нерсе деп койсо, ошого асылып эле калбаш керек. Атамдын бир катасы ушул болду. Канча журналисттерге айыптарды салды «Кактус медиага», Чолпон Жакуповага. Аял кишилерге теңелбей, «мейли сүйлөй берсин» деп койсо болмок. Эл оозунда элек жок да. Ар бирине көңүл буруп, таарынып, соттошуп туура эмес кылды. Азыр карап көрсөңөр ошол эле Чолпон Жакупова бир жаман сөз айткан жок. Өмүрбек Суваналиевге да атам кандай ыплас сөз айтты эле. Бирок ал киши дагы бир жаман сөз айткан жок да. Тескерисинче жанында жүрүп, жакшылыгын көргөндөр атам түрмөдө жатса дагы жанын койбой тепкилеп жатышат.

«Көк беттиктин дагы чеги болуш керек»

Көк беттиги бар, ал [Атамбаев] оңой менен моюн сунбайт. Ошол сапаты бир жагынан жакшы нерселерди алып келет, бир жеринен жаман кесепеттери да болуп калды. Кээ бир жерлерде — саясатта, турмушта көк беттикти тизгиндеш керек. Өтө эле көк беттик дагы болбойт. Анын дагы чеги болот.

Икрамжан Илмиянов жана Алмазбек Атамбаев

«Жакшы көргөн баласы Икрамжан болчу»

Эң ишенимдүү адамдары — шоопур Икрамжан Илмиянов, Болот Сүйүнбаев, Фарид Ниязов. Сапар Исаков менен Албек Ибраимовдор экинчи планда болчу. Алардын баарынын көзүн май баскан, өзүлөрүн хан сезип жүрүшкөн. Ал [Алмазбек Атамбаев] жалгыз өзү эмне кыла алат. Иштегенден кийин бирөөгө ишениш керек да. Ишенбесең кантип иштейсиң. Атам менен көп кездешчү эмеспиз, жамандык, жакшылыкта, майрамдарда эле жолукчубуз. Чынын айтканда эң жакшы көргөн баласы шоопур Сатардын уулу Икрамжан болчу. Ошол киши менен көп убакыт өткөрдү. Бул чындык.

Өкүл ата Иса Өмүркулов

Атын атабай эле коёюн азыр фракция лидери болуп жүргөн киши [Иса Өмүркулов] эң таасирдүү досу болчу. Ошол кишиге канча жардам берди. Түрмөдөн дагы куткарып калды. Ал азыр «Атамбаевдин учурунда куугунтук жедим» деп бир жерден айтыптыр. Тобо, сен кантип куугунтук жедиң деп ойлоносуң? Сени тескерисинче түрмөдөн сактап калды. 2015-жылы Раиса Атамбаеванын кара чечекей баласы Раиске өкүл ата болуп, резиденциядагы үлпөт тойдо отурган. Өкүл атаны чоочун кишиден койбойт да. Айткан сөзүнүн баары калп.

«Абдил Сегизбаев лента кесчү»

Ал [Сегизбаев] тууралуу жумшак айтсам УКМК кызматкерлерине батирлерди берип жөн эле отурду. Ленталарды кесчү. Бир ишти чеччү эмес, иштин баарын «Сары Болот» [Болот Сүйүмбаев] чеччү.

Парламенттин түптөлүшү тууралуу

Атам толугу менен бул парламентти түптөгөн деп айтуу туура эмес. Парламентти атам менен кошо шоопур түптөгөн, башкалар дагы салым кошкон. Бирок негизги өзөгүн шоопур Икрамжан Илмиянов өзүнүн деңгээлине жараша түптөп, депутаттарды алып келген. Ошентсе да кимдер кандай жол менен келгенин так айта албайм. Себеби чырак кармап берген эмесмин.

Парламентти түптөп жатканда аппарат башчынын орун басарлыгынан кетип, атамдын кеңешчиси болду. Бункерде ["Медиа форум" имаратынын жанында салынган кеңседе] отурчу, баары ошол жакка келчү. Лидерлердин баары эле оозун карап ошол жерде жүрчү, аны жашырганда эмне.

Атамбаев үй-бүлөсү менен

«Абактагы атамдан кабар алган жокмун»

Түрмөдө ден соолук деле жакшы болбойт го, ал киши алтымыштан өтүп калды. Түрмөдө букадай болгон балдардын ден соолугу алынат. Азыр ден соолугу жакшы десем калпычы болуп калам, орто. Атам камалгандан бери бир дагы жолу барган жокмун. Барбаганымдын себептери да бар, ички өз ара... ошол. Бирок тамак-аш киргизип турам. Жакында эле киргиздим.

Бир туугандарынын саясатка аралашуусу жөнүндө

Анын баарын [бир туугандары Сеид менен Кадырбек] эл катары эле соцтармактан билип жатам. Мен КСДПга мүчө болгон эмесмин. Мүчө дагы болгум келбейт, буюрса. Мен ушуга сыймыктанам.

Саясатка аралашуу өздөрүнүн иши, алар чоң кишилер да. Эмнеге саясатка аралашпаш керек? Азыр баары эле аралашып жатпайбы. 30 жыл уурдагандын баары эле саясатта жүрөт, элге жашаганды үйрөтүп жатпайбы. Алар [бир туугандары] мамлекеттик кызматтарда иштеген жок, депутат болгон жок.

Өзүм саясатка аралашамбы, же жокпу аны айтуу азыр эрте. Жок десем дагы болбойт, ооба десем дагы туура эмес.

«Саясаттан эскилер кетсе жакшы болмок»

Негизи эле саясатка жаш кан аралыштырыш керек, КСДП баштап эскилер кетсе жакшы болмок. Ошол эле маалда эскилердин баардыгы эле жаман деген дагы болбойт. Эскилер менен жаштар чогуу жүрсө жыйынтык жакшы болот. Анткени эскинин тажрыйбасы бар, токтоо, даанышман. Жаштардын энергиясы, тазалыгы болот. Рысбек Акматбаев «саясатчыларда абийр жок, алар менен убакыт өткөрүүнүн кажети жок» деп айткан. Жарымынан көбү уяты жоктор, бир партиядан экинчи партияга секирген сойкулар. Саясий сойкулар, баары эмес, бирок көбү.

Атамбаев менен Жээнбеков

«Мен атама келген аткаминерлерди көрдүм»

Ал киши менен мамилем түз, экөөбүз илгертеден бери сыйбыз. Эки досуна – Сооронбай Жээнбеков менен Туйгуналы Абдраимовго жан тартчумун. Мен атама келген аткаминерлерди көрдүм. Арашанга ар кандай кишилер келет. Биз ал жерде кызмат кылабыз. Баш куйкалайсың, самоор жагасың дегендей. Кээде колуң көө болуп калганда конок келсе алдынан чыгып саламдашасың. Ар кандай мамилени көрдүк. Кээси жийиркенип карайт, кээси текеберленип карайт. Сооронбай Жээнбеков менен Туйгуналы Абдраимов колуң көөбү, көө эмеспи келип колуңду кармап сылык учурашчу.

«Атамбаев менен Жээнбеков достошчу күн болот деп ишенгим келет»

Атам менен Сооронбай Жээнбеков достошчу күн болот деп ишенгим келет. Жеке өздөрү үчүн эмес, мамлекет үчүн, кыргыз эли үчүн. Болду эми амбицияны тыйып, кечирүү керек. Мамлекет үчүн, кыргыз эли үчүн тил табышып, бир чечимге келиш керек. Мындай болбойт.

«Кой-Таш окуясы боюнча адилет чечим чыгат деп ишенем»

Үмүт акыркы өлөт. Ишениш керек да, ушул мамлекетте жашагандан кийин башка укук коргоо органдарына бара албайбыз. Атам укук коргоо органдарынын — сот системасынын, УКМКнын, ИИМдин. түптөлүшүнө салым кошту. Адилеттүү чечим чыгат деп ишенем.

Атамбаевдин иши

2019-жылы 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүн бийлик камалоого алып, кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча сотко мажбур түрдө алып келүү операциясы болгон. Биринчи күнү эч кандай жыйынтык болбой, экинчи күнү Атамбаев багынып берген. Үйдү штурмга алуу учурунда бир спецназдын жоокери каза болуп, 100гө чукул адам жабыркаган.

Атамбаев Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча иште күбө катары суракка алынмак. Бирок ал ИИМдин суракка чагыруусун бир нече жолу этибарга алган эмес. Мындан улам мурдагы президент атайын операциянын жүрүшүндө кармалган жана анын макамы шектүүгө өзгөртүлгөн.

Анткени ага карата Кой-Таштагы окуя боюнча «Массалык башаламандык уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу», «Адам өлтүрүү» жана «Адам өмүрүнө кол салуу» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Андан сырткары Атамбаевдин бир нече тарапташы Кой-Таштагы окуя боюнча сурак берип, айрымдарына айып тагылып камакка алынган.

Учурда Атамбаевге байланыштуу иштер боюнча соттук отурум уланууда. Бирок анын жакындары жана адвокаттары Атамбаевдин ден соолугу начарлап кетип жатканын айтып келишет. Буга байланыштуу ал айрым отурумдарга катыша алган эмес.

Ал эми 1-июндагы соттук отурумда төрагалык кылган судья Марат Сыдыков Алмазбек Атамбаевди залдан чыгарып, Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүлөр мындан ары анын катышуусуз өтөт деп чечти. Мындай чечимди судья адвокаттар Атамбаевди темир тор артында кармоого каршылык билдиришкенде кабыл алды.