Өспүрүм кыздарга ыдык көрсөткөн деп айыпталган чек арачынын иши кайра каралат

Чүй облустук соту 3-июнда 5 жана 10 жаштагы кыздарга сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасаган деп айтыпталган чек ара кызматкеринин иши боюнча Токмок шаардык сотунун өкүмүн кайра карайт.

Жабырлануучулардын биринин адвокаты окуя 2019-жылдын октябрында, Токмоктогу кичи райондордун биринде болгонун билдирди. 35 жаштагы айыпталуучу мас абалда кетип баратып отургучта отурган эки кызды көрүп, алардын бирөөсүнүн ийининен кармап, өзүнө тартып, экинчи кыздын көзүнчө эринине өпкөн.

Юристтин маалыматына ылайык, психологиялык экспертиза окуядан улам кыздар психологиялык жактан жабыркаганын көрсөкөн. Мындан тышкары, айыпталуучунун күнөөсү күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен далилденген.

Буга чейин 24.kg басылмасы алгач шектүү «Жашы жете электерге карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери» беренеси боюнча соттолуп, ал үчүн 16 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратуу жаза чарасы суралганын билдирген.

Бирок Токмок шаардык сотунун судьясы Асанбек Тойгонбаев бул иштин квалификациясын «Ээнбаштык» беренесине өзгөртүп, айыпталуучуну сот залындагы камактан коё берген.

«Бишкек шаардык гарнизондун аскер прокурору Эркинбек Абдикеримов Токмок шаардык сотунун айыпталуучу 300 миң сом өлчөмүндө штрафка жыгылсын деп 2019-жылдын 8-апрелинде чыгарган өкүмүнө макул болбой, өкүмдүн үстүнөн даттанган», — деп билдирди Адвокат Самат Матцаков.

Юрист биринчи өкүмдү мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейт, анткени судья Тойгонбаев берененин квалификациясын туура эмес өзгөрткөн.

«Бул жерде кыздын укугу бузулганы анык, ал инсандын жыныстык эркиндиги, ошондой эле жашы жете элек кыздын өмүрү жана ден соолугу катары негизги белги менен мүнөздөлгөн», — деп айтты ал.