Жогорку сот: ИИМдин экс-башчысы Молдомуса Конгантиев акталды

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Жогорку сот буга чейинки эки инстанциянын актоо өкүмүн күчүндө калтырганын кабарлады.

ИИМдин экс-башчысы 2010-жылы апрель окуясында шалаакылык кылган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган. 7-апрелде Ак үйдүн алдындагы кагылышта 80ден ашуун адам каза тапкан.

Бийлик алмашкандан кийин Конгантиев өлкөдөн чыгып кетип, бирок 2010-жылдын апрель айынын аягында Москвада кармалып, кайра артка кайтарылган. 2018-жылы ага карата кылмыш иши токтотулуп, андан кийин кайра жандантылган болчу.

Аны 6 жылга кесип, 100 мин сомго айыпка жыгуу сунушталган. Актоочу өкүм чыккандан кийин Конгантиевдин мүлкү камактан чыгарылып, эч жакка кетпөө боюнча тил кат жокко чыгарылды.

Сот процесстери өтүп аткан учурда Конгантиевдин пайдасы үчүн анын мурдагы орун басары Садырбек Курманалиева көрсөтмө берген, ал ИИМдин экс-башчысы митингчилерди атууга буйрук бербегенин айтып көшөргөн.