Видео: Нарын шаарындагы үйлөрдү сел суулары каптады

Нарын шаары 3-июль. Сүрөт: ӨКМ

Нарын шаарында 3-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кечке жуук сел жүрүп, жер тамдарды каптап, короолорго кум-шагыл толду. Шаардык бийликтин маалыматы боюнча жабыркаган кишилер жок.

Социалдык тармакта тараган видеодон сел суулары үйлөрдү каптап, тургундар үйгө кирген сууларды чакалап ташып жатканын көрүүгө болот. Андан сырткары Нарын шаарынын Жаңы Жол аймагындагы паркка дагы сел суулары кирген. Ошондой эле, короодогу унаалар кум-ташта калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымдашынча, коктудан келген суулар Чоң-Нарын каналынан ашып турак үйлөргө, чарбалык курулуштарга жана унаа жолдорго зыян келтирген.

Жаратылыш кырсыгы келтирген кырдаалдан чыгуу үчүн 48 куткаруучу жана ондон ашык техника тартылган. 60тан ашык үйдүн короосуна суу кирип, учурда 15 үйдүн короо-жайын кум шагылдан тазалоо иштери улантылууда.

Ал эми келтирилген чыгымды жарандык коргонуу комиссиясы тактап жатат.