HRW: «Кыргыз бийлиги активист Рузиевдин өкүмүн жокко чыгарып, УКМКнын коркутууларын болтурбашы керек»

Ысык-Көл облустук сотуна «Вентус» укук коргоо уюмунун башчысы Камиль Рузиев мыйзамсыз кармалып, ага карата иш козголгонуна байланыштуу аппеляциялык арыз берилди. Бул тууралуу укук коргоочунун уулу Азат Рузиев билдирди.

Анын айтымында, адвокатка «аягына чейин» иштин материалдары берилген эмес.

«Кече кечинде гана ала алдык, бүгүн болсо саат 17:00гө чейин аппеляция жазып тапшырууга үлгүрүшүбүз керек. 31-майдан протоколун бүгүнкү күнгө чейин ала албай жатабыз. Бир нече жолу арыз бердик. Өз иштерин фальсификациялоо үчүн протоколду жакшыраак тазалап алгылары келип жатат», — деп жазат Рузиев.

Ал Камиль Рузиев ооруканада дарылануусун улантып атканын белгиледи. Анын айтымында, Камиль Рузиевге меджардам башынан ачкачылык өткөргөндүгү, стресс жана кан басымы төмөн болуп атканы үчүн гана керек эмес.

Азат Рузиев атасы курч бронхит болгонун, андан тышкары, акыйкатчы аппаратынын Ысык-Көл облусу боюнча кызматкери аны балдары менен кошо сабап кеткенден кийин баш мээсинен жана башка жаракаттарды алганын айтат. Кол салгандар Рузиев укук коргоочулук ишмердигин токтотушун каалашкан.

Human Rights Watchтун билдирүүсү

Ал учурда эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Камиль Рузиевди колдоого алган билдирүүсүн жарыялады.

«Кыргыз бийлиги активист Камиль Рузиевди эки айга үй камагына алуу түрүндө өкүмүн жокко чыгарып, бардык жалган айыптарды алып, жегиликтүүү атайын кызматтары тараптан болуп аткан коркутуулар жөнүндө билдирүүлөрдү иликтеши керек», — деп жазылат билдирүүдө.

Human Rights Watchтун Борбор Азия боюнча улук илимий кызматкери Мира Риттман белгилегендей, мурдараак Рузиев атайын кызматтын жумушчуларына карата расмий арыз берген, ошондуктан ведомство буга жалган кылмыш иши менен реакция билдирген.

«Мунун ордуна прокуратура Рузиевдин даттанууларын жана аны кармаган коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан бийлигинен бардык кыянат пайдаланууларды кылдат жана өз убагында иликтеши керек», — деди ал.

Билдирүүдө УКМКнын кызматкерлери Рузиевди Каракол шаардык соттун имаратынын алдынан кармап кетишкенин жана ал жерде укук коргоочунун УКМКга жана прокуратурага каршы арызы каралып жатканы белгиленет. Бул доо арызды Рузиев УКМК анын жергиликтүү милиция тарабынан, анын ичинде «тапанча менен» коркутуулар болуп атканы тууралуу арызына реакция кылбагына үчүн берген.

Human Rights Watch билдиргендей, 31-майда өткөн сотто тергөөчү Рузиев кармалып жаткан учурда күбө катары издөөдө жүргөн.

«Анын айтымында, эми алар анын макамын шектүүгө өзгөртүп, бул иштин үстүндө жасалмалоо айыбы боюнча гана иштеп жатышкан. Рузиев Human Rights Watchко билдиргендей, анын шектүү макамы түздөн-түз уктуруулар башталаар алдында өзгөргөнүн бийлик ага азыр эле маалымдаган», — деп айтышты укук коргоочу уюмдан.

Ошондой эле Human Rights Watchтун кайрылуусунда Рузиевдин УКМК тарыбанын куугунтукталышы «кыргыз парламентинин жарандык коомдун үстүнөн көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган КЭУлар тууралуу мыйзамына өзгөртүүлөрдү кабыл алуу аракетинин» шартында болуп атканы айтылат.

Укук коргоочу уюму белгилегендей, мыйзам долбоорунун коомдук талкуусу Бишкекте COVID-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөр күчүндө турган убакта өткөрүлгөн. Ошондуктан талкууга катышуу үчүн катталган КЭУлар менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин имаратына киргизилген эмнс, бул өз кезегинде «процесстин бүтүндүгүн бузган».

БУУнун Кыргызстандагы башкы катчысынын өкүлү Озонния Ожелло талкууда мыйзам долбоору «жарандык коомдун уюмдарына оор мезгил» жүктөйт деп билдирип, парламентти «олуттуу карап чыгууга» чакырды.

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр да «жарандык коом Европа Биримдиги үчүн маанилүү өнөктөш экенин» жана «жаңы мыйзам долбоору алардын ишин оорлотпогону маанилүү» деп белгиледи.

«Парламент бейөкмөт топтордун ишмердигин чектеген мыйзам долбоорду чакыртып алышы керек жана укук коргоочулар менен жарандык коомго жөнөкөй жарандардын муктаждыгын камсыздоодо жана Кыргызстандын демократиялык өнүгүшүнө көмөктөшүүдө алардын маанилүү ролун ойноого мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек», — деп айтты Мира Риттманн.

Анын айтымында, бийлик Камил Рузиевге карата жалган иликтөөнү жана УКМКнын «коркутуу тактикасын» тез арада токтотушу керек. Анын айтымында, бул активисттерге ишин эркин улантууга жол ачат.

Укук коргоочуну кармоо

Укук коргоочу Камил Рузиев 29-май күнү өзүнүн УКМКнын жана прокурорго карата доосу каралып жаткан соттон чыккандан кийин кармалган. Кыйноолорго каршы күрөшкөн Рузиевдин колуна кол кишен салып, убактылуу кармоочу изоляторго киригизишкен. Алар Рузиевде документ жок жана ал изолятордо өздүгү аныкталганча чейин болот деп билдиришкен.

УКМК журналисттер укук коргоочу «Алдамчылык» менен «Документтерди жасалмалоого» шектелип атканын билдирген. Эртеси күнү иштин материалынан «Алдамчылыкка» айыптоо жоголуп, «Документтерди жасалмалоо» гана айыбы калган. Ал эми тергөөчү Рузиев бул иште күбө экенин, ал эми күбөлөр кармалып, изоляторго киргизилбеши керектигин — бул бузуу экенин мойнуна алган.

Юристтердин айтымында, «Алдамчылык» жана «Документтерди жасалмалоо» УКМКнын компетенциясында эмес жана бул иште кызыкчылыктар кагылышы бар экени анык.

Мыйзам бузууларга карабастан, сот 31-майда эле укук коргоочунун кармалышын мыйзамдуу деп тапкан. УКМК Рузиевди үй камагына алууну өтүнгөн жана сот бул өтүнүчтү канааттандырып берген. Соттон кийин укук коргоочу стресстин жана ачкалыктан улам оорукана жатып калган.