Ошто тургундар оор жүк ташуучу унааларга каршы дагы жол тосушту. Милиция сотко чейинки өндүрүштү баштады

Иллюстративдик сүрөт

Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан облустагы Кара-Суу районунун Папан айыл аймагына караштуу Арал айылынын тургундары 3-июнда жолду тосуп, оор жүк ташуучу унаанын айдоочусуна кол көтөргөнүн билдиришти.

Маалыматка ылайык, арыз менен «Хово» үлгүсүндөгү унаанын 24 жаштагы айдоочусу кайрылган. Ал көрсөтмөсүндө 20га жакын тургун жеңил унаалары менен жолду тосуп, «айыл аркылуу өткөнсүң» деп айыптап ага кол көтөргөнүн айткан.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестринде «Жолдорду мыйзамсыз тосуу» беренеси менен катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Тергөөнүн алкагында ондон ашуун жарандан сурак алынып, айдоочуга медициналык экспертиза дайындалды.

Элди нааразы кылган жүк ташуучу унаалар

Буга чейин аталган аймактын коңшу Тарылга айылынын тургундары да көмүр казган компаниялардын ишине нааразычылык билдиришип, айылдагы жолду тосушкан. Тургундардын айтымында, көмүр ташыган оор жүк ташуучу унаалар айылдын жолун бузуп, кээ бир жашоочулардын үйлөрүндө жаракалар кеткен.

Алар компаниянын ээлеринен жолго асфальт төшөөнү же башка жол менен жүрүүнү талап кылышкан.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн Папандагы жол республикалык мааниге ээ болгондуктан бул маселе боюнча алар жооптуу эмес экенин билдиришкен.

Бирок Транспорт жана жол министрлигинен «Клоопко» бул жол Папан айыл өкмөтүнө караштуу экенин, республикалык маанидеги жол Ноокат району аркылуу өтөт деп белгилешти. Ал эми оор жүк ташуучу унаалардын айыл аралап жүрүүсү жүктүн салмагына байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдошту.

Кийинчерээк өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы учурда оор жүк ташуучу унааларга Ноокаттын жолу менен айланып өтүү маселеси Ош жана Баткен облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан чечилип жатканын билдирди.

Оор жүк ташуучу унаалар республикалык маанидеги жол менен жүрүп калышса, алар жүктүн салмагын белгиленген ченемден ашырбоого милдеттүү. Ал эми жүктүн салмагы транспорттук контролдоо пункттарында же Транспорт жана жолдор министрилигинин «мобилдүү топтору» тарабынан өлчөнөт. Эгерде жүктүн салмагы ченемден ашса, ар бир тонна ашыкча жүктүн 1 км аралыкка жол жүргөнү үчүн айдоочу (же компания) 40 сом компенсация төлөшү зарыл.