Баткенде аялына кайнак суу чачып, өлгүчө сабаган киши 15 жылга кесилди

Баткен райсоту аялын өлтүргөн 31 жаштагы кишини күнөөлүү деп тапты. Ага карата 15 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыкты.

Айыпталып жаткан адам 2020-жылдын январында аялын өлгүчө сабаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар балдары менен ата-энесиникине барышмак. Арадан бир нече сааттан кийин айыпталуучу үйгө мас болуп келип, аялы менен балдарын машинага отургузуп, жолго чыккан, андан кийин токтой калып аялын балдарынын көзүнчө сабай баштаган.

«Андан кийин айыпталуучу үй-бүлөсүн үйгө алып келип, балдарын бөлмөгө киргизип, ал эми өзү аялын сабай баштаган. Ал аялын көзүмө чөп салдың деп айыптаган. Ал аялынын бутуна кайнак суу куюп, андан кийин аскер бут кийимин кийип, аялын эс учун жоготуп койгуча тепкилеген. Андан кийин башка кийимдерди кийип, аялынын жансыз денесин машинага салып, ооруканага алып барган. Медиктерге аялы зоб оорусунан улам эс учун жоготуп койду деп айткан», — деп айтылат өкүмдө.

Сотто айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Эгер үй-бүлөдө ур-токмокко кабылсаңыз эмне кылыш керек?

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Өлкө аялдарынын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылышкан. Бул жөнүндө Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө айтылат.

Эгер сиз үй-бүлөдө такай ур-токмоктон жабыркасаңыз же жакындарыңызда, тааныштарыңызда ушундай окуялар тууралуу билсеңиз, үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу мыйзам боюнча милицияга кайрылсаңыз болот. Алар сиздин кайрылууңузду каттап, жабыркаган адамга корук кат бериши керек. Бул мыйзам төмөнкүдөй иштейт: