Депутат жана президенттин иниси Асылбек Жээнбеков Кыргызстанда бузулуп жок болгон баштыктар менен бир колдонулуучу идиштерди өндүрүү үчүн кара куурайдын атайын сортун эгүүнү сунуштады. Ал бул сунушун айлана-чөйрөнү сактап калса болот деп негиздеди.

Депутат бул сунушун 8-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.


«Бизде кара куурай өсөт, [аны] жылда жок кылып атабыз, жок кыла албай жатабыз десек да болот. Бүгүнкү күндө башка сорттогу кара куурай сунуш кылынып атат, арзан башдык жана идиштерди өндүрүү үчүн», — деп сунуштады Жээнбеков.


Кыргызстанда баңгизаттарды жайылтуу жана сактоо, анын ичинде баңгизат өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн мыйзамда жаза каралган.

Жоруктар жөнүндө кодекске ылайык, бул үчүн 6 айга эркинен ажыратуу менен кошо 13 миң сом штраф каралган.