Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын 72 пайызы айыкты

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штабдан өткөн суткада коронавирус жуктурган дагы 38 бейтап айыкканын кабарлашты — алардын арасында 11 медкызматкер бар. Айыккандардын 19у Бишкек шаарында дарыланып чыгышкан. Ошондой эле Нарын облусунда 13, Ош шаарында төрт, Ош жана Жалал-Абад облусттарында бирден бейтаптын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп айыккан бейтаптардын саны 1483кө жетти — бул жалпы оорулуулардын 72 пайызын түзөт. Алардын арасында 293 медкызматкер бар.

Кыргызстанда 9-июнга карата коронавирустун жаңы 23 учур катталды — жалпы 2055 учур. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 548 адам жатат — алардын экөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.