Республикалык штабдан 9-июнга карата коронавирус дагы 23 адамдан табылганын маалымдашты — алардын үчөөсү медкызматкер.
Жаңы алты учур Бишкек шаарында катталды. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда коронавирус үч жарандан жана бир медкызматкерден аныкталды. Ош шаарында COVID-19 төрт адамда табылды — алардын ичинде бир медкызматкер да бар. Ош облусунда илдетти үч бейтап жуктуруп алды — арардын бирөөсү медкызматкер. Жалал-Абад облусттарында үч, Чүй облусунда эки жана Нарын облусунда бир адам COVID-19га чалдыкты.
Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 2055ке жетти — анын 403ү медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 1483 адам айыгып, жыйырма төрт бейтап каза болду.
Коронавирустун эң көп катталганы боюнча биринчи орунда Бишкек шаары турат: борбор калаада 555 адамдан COVID-19 аныкталды. Нарын облусу бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда келе жатат — 399 учур. Ош облусунда — 239, Жалал-Абад облусунда — 169, Ош шаарында — 236, Чүй облусунда — 163, Баткен облусунда — 32 жана Ысык-Көл облусунда 22 адам илдетке чалдыкты.
Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктардын арасында 240 адамда коронавирус аныкталды. Алар Бишкек, Ош жана Чүй облусундагы ооруканаларга жайгаштырылган.
Учурда ооруканаларда 548 адам дарыланып жатат. Алардын ичинде эки бейтап оорукананын жандандыруу бөлүмүндө калууда. Кыргызстан боюнча обсервацияга 2009 адам алынды.
Коронавируска чалдыккандар менен карым-катнашта болгондордун саны 8592ни түздү. Акыркы сутка ичинде 2431 изилдөө жүргүзүлдү.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.