«Азаттык» үналгысы Ош шаары улуттар аралык жаңжалдан кийин 10 жыл өткөн соң кандай өзгөргөнү тууралуу чакан тасма тартып чыгарды. Ал окуяларда, расмий маалыматтар боюнча, 893 адам, ал эми бейрасмий маалыматтарга ылайык, 2000ден ашуун адам каза тапкан.

Тасманын каармандары ошол жылдар аралыгында шаарда кандай өзгөрүүлөр болгонун, жаңжалдан кийин Ош шаарынын тургундарынын ортосунда тынчтык кандай орногонун айтып беришкен.

Бул тасма жаңжал жөнүндө эмес — бул тасма Ош шаарынын жашоо ыргагы жана тынчтыгы жөнүндө.