Депутат Никитенко милиционерлерге компенсация төлөнбөй жатканы үчүн өкмөттү сынга алды

Депутат Наталья Никитенко парламенттин жыйынында өкмөттүн бүгүнкү күнгө чейин милиционерлерге компенсация төлөп бере электигине нааразы болду. Анын айтымында, алар өзгөчө абал шартында иштегени үчүн үч эселик жогору акы алышы керек болчу.

Никитенконун өкмөт өлкөдөгү коронавирус пандемиясынын шартында укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгегин колдонуп, аларды алдап жатат деп эсептейт.

«Биз укук коргоо органдарынын кызматкерлерин алдабашыбыз керек, бирок менимче ушундай эле болуп жатат. ӨК кырдаалында кызмат өтөөдө үч эселик өлчөмдө төлөп берүүнүн муктаждыгы бар деп даана айтылган ченемдик-укуктук актылар бар», — деп айтты ал.

Вице-премьер Эркин Асрандиев милиционерлерге компенсация төлөш үчүн өкмөт ошол режимдерде иштеген фактты аныктоо тууралуу атайын буйрук даярдашы керек болот деп жооп берди.

«2000-жылдагы буйруктун пунктунда өкмөт өз чечими менен мындай шарттарда кызмат өтөлгөн факт аныкталганын белгилеши керек. Долбоор макулдашууда турат. өкмөттүн чечиминин негизинде төлөмдөр берилет», — деп билдирди ал.

Буга жооп катары Никитенко өкмөттүн милиционерлерди ӨК режиминин шартында иштегендерин «далилдөөгө» милдеттендирип жатканын жол берилгис нерсе деп атады.

«Бул режимдерде иштеген фактыны аныктоо тууралуу буйрук деген бул эмнеси? ИИМдин кызматкерлери постторго нөмөөткө турууга өз-өздөрүн дайындай алышабы? ӨК учурунда иштешкенин алар кантип далилдеши керек? Алар постторго жөнөтүлбөдү беле. Бул ӨК учурунда иштедим деп далилдешиң керек болгон кошумча бюрократиялык тоскоолдук», — деп нааразы болду ал.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери да дарыгерлердей эле тобокел аймагында болушат, анткени алар күндө коронавирусу бар адамдар менен байланышта болушат.

Бийлик өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда 25-марттан тарта ӨА режимин киргизгенден бери милиционерлер эч кандай компенсациялык төлөмдөрдү алышкан эмес. Ушул убакытка чейин 82 кызматкер коронавируска чалдыкканы аныкталган.

Өкмөт азырынча медкызматкерлерге гана компенсация төлөнгөнүн маалымдоодо.

«Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 138 млн сом чогулган. Алардын 130 млн сому медиктердин компенсациясына кетти», — деп билдирди вице-премьер Асрандиев.

Өкөмттүн жарлыгына ылайык, медкызматкерлерге COVID-19 жуктуруп алган учурда 200 миң сомдон төлөнүп берилет, эгер медкызматкер инфекцияга чалдыккандан кийин каза тапса, анын үй-бүлөсүнө миллион сом төлөнүп берилет.

Медиктердин айрымдары компенсация алуу кыйын болуп атканына арызданышууда. Бийлик аларды коронавирусту башка шарттарда эмес, так кесе жумуш учурунда жуктуруп алышканын далилдеп берүүгө милдеттендирип жатат.

10-июнга карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан медиктердин саны 409га жетти. Алардын ичинен экөөсү каза тапкан.

Жалпысынан, республика боюнча COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 10-июнда 2093 адамга жеткен.