Башкы прокуратура «Азаттыкка» кабарлагандай, июнь окуясы боюнча жалпы 5642 кылмыш ишин козголгон. Алардын эң көбү «Уурдоо», «Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу», «Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу» жана «Киши өлтүрүү» беренелери менен катталган.

Аталган кылмыштардын 360ынын гана бети ачылган — бул жалпы кылмыштардын 6,3 пайызын түзөт. Жалпысынан 511 кишиге айып тагылган. Ал эми 3919 кылмыш ишинин тергөөсү убактылуу токтотулган жана 13 иш биротоло токтотулган.

Өлкө боюнча 10 жыл аралыгында соттор 470 кишиге карата 254 кылмыш ишин карады. Анын ичинен 440 адамга 224 иш боюнча айыптоо өкүмү чыкты. Ал эми 28 иш боюнча 28 адамдын иши токтотулган. Ошондой эле, Башкы прокуратурадан эки кылмыш ишинин алкагында эки адамга медициналык мажбурлоо чаралары колдонулганын билдиришти.

Экс-башкы прокурор Аида Салянованын айтымында, кылмышка шектүү адамдардын көпчүлүгү өлкөдөн качып кеткениндигине байланыштуу көптөгөн кылмыш иштери аягына чейин тергелген эмес. Учурда издөөдө жүздөн ашуун адам жүрөт. Мындан тышкары этникалык кагылыштарды уюштурду деген шек менен 37 киши эл аралык издөөгө берилген.

2010-жылдын 10-июнунда Ош жана Жалал-Абад облусттарында этникалык кыргыздар жана өзбектердин ортосунда жаңжал чыккан. Натыйжада 400дөн ашуун адам каза табып, 2 миңге чукул адам жарадар болгон.