Казакстан жакын арада Кыргызстан менен чектеш чек араларында бардык КӨЖдөрүн ачат

Казакстан жакын арада Кыргызстан менен чектеш чек араларында бардык көзөмөл-өткөрмө жайларын (КӨЖ) ачууга даяр. Бул тууралуу 10-июнда Казакстандын Соода-сатык жана интеграция министрлигинен билдиришти.

Казак ведомствосунун маалыматына ылайык, алар КӨЖдөрдү эпидемиологиялык абал жакшырганына байланыштуу ачууга даяр.

«Бүгүнкү күндөн баштап “Сыпатай — Батыр” [“Чалдыбар” КӨЖү] иштеп баштады, бул учурда иштеп аткан өткөрмө жайларын “жүгүн жеңилдетүүгө” жана жүк унааларынын чек арадан өтүү убактысын тездетүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда казак тарап Бишкек Казакстандын сунуштарына «ачык эмес» болууда деп билдирди.

«Биздин өнөктөштөрдүн мындай аракети легалдуу өтүүдөн качуу максатында ак ниет кызматташтыктан атайылап баш тартып жаткандыгы тууралуу адилеттүү шектенүүлөргө түртөт, айрыкча КЭРден ЕАЭБдин өлкөлөрүнүн аймагына ташылган элдик керектөөдөгү товарларды алып өтүүдө», — деп билдиришти.

Казакстан эки өлкөнүн чек арасындагы тыгындардын дагы бир себеби катары Кыргызстандын карантиндик-көзөмөлдүк чараларды өткөрүп жатканын атады.

«Жалпысынан, [өлкөдөн] чыгып жаткан айдоочуларга экспресс-тест өткөрүүнүн максаты түшүнүксүз. Бардык эл аралык эрежелер боюча мамлекет коопсуздукту өзүнүн аймагында камсыздайт. Бирок, эгер кыргыз кесиптештерибиз мындай жол менен коңшу өлкөлөрдү “коопсуздандырайын” дешсе, анда бул тестирлөөнү өткөрмө пунктта өткөрүүнүн эмне кереги бар? Анткени бул анализди ага кирип баратканда тапшырса болот да», — деп билдиришти Казакстандын Соода-сатык министрлигинен.

Кыргыз-казак чек арасында киллометрлерге созулган тыгын

Эки өлкөнүн КӨЖдөрүндө бир нече аптадан бери тыгындар байкалууда. Мурдараак 5-июнда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан «Ак-Тилек Автожол» КӨЖүндө тыгын кыргыз тараптан жаралбаганын билдирген.

«Айдоочуларда Кыргызстандын чек арачыларына да, Казакстандын чек арачыларына да нааразылыктары жок экенин белгилей кетиш керек. Алар [айдоочулар] чек ара көзөмөлүнөн тоскоолдуксуз өтүп жатышат, бирок аларда Казакстандын аймагында кошумча текшерү өтүп жатат», — деп билдиришкен ошондо ведомстводон.

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын суюлбагандыктан Кыргызстандык вице-премьер-министри Эркин Асрандиев 4-июнда абал менен жеринен таанышуу үчүн «Ак-Тилек Автожол» КӨЖүнө барган.

Асрандиевдин айтымында, чек арадагы абал критикалык болуп калды, ал эми тыгындар казак тараптын жай текшерүүлөрү менен байланыштуу.

«Мен жеке өзүм айдоочуларды Казакстандын чек арасынан Кыргызстанга өткөрүү тартибин көрдүм. Ал паспорттук көзөмөлдөн, андан аркы көзөмөлдөө үчүн медицина кызматкерлеринин анкеталык маалыматтарын топтоодон, вирустун бар-жогуна анализ тапшыруудан турат. Андан соң жүк ташуучу Кыргызстандын аймагында тесттин жыйынтыгын күтөт. Өлкөгө кирүү тартиби дагы татаал эмес. Ал эми казак тараптан бардыгы жай жүргүзүлүүдө», — деп билдирген вице-премьер-министр.

Ал маселени чечиш үчүн Кыргызстан өткөн жылдан бери ЕАЭБдин регламенти боюнча иштеп жатканын кошумчалады.

«Биз өткөн жылдан бери ЕАЭБ регламентинин алкагында Коллегияга кайрылып жатабыз, анткени кырдаалды тоскоолдук катары баалайбыз. Жана бул биздин ички союздук макулдашууларга каршы келет. Жакын арада маселе чечилет деп ишенебиз», — деген Асрандиев.

Казакстанда Асрандиевдин билдирүүсүнө мындай жооп беришти:

«Мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жана товарлардын көмүскө жүгүртүмүн азайтуу максатында, 2019-жылдын башынан тарта Казакстандын Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитети ЕАЭБ өлкөлөрү менен чек арада жүктөргө мониторинг жүргүзүп келет. Өздөрүнө тиешеси бар адамдарга жана банкротторго 10,3 миң товарды коштомо документтер катталганы, 13 миңден ашуун жалган транзит фактылары аныкталган», — дейт Мамкирешелер комитети. Ведомствонун маалыматы боюча, бир сутка ичинде чек арадан 200дөй автоунаа өтөт.

Кыргызстанды көмүскө жүгүртүмдү кыскартуу боюнча чараларды көрүүгө чакырышты.