Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы июнь коогалаңында каза болгондорду эскерип, Ош шаарындагы «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл койду. Маркумдарга багышталып куран окулду.

Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Жээнбеков каза болгондордун туугандары жана окуянын катышуучулары менен жолугуп, алардын кайгы-муңун тең бөлүшө турганын айтты.

«Энелердин төгүлгөн көз жашы, сыздаган ыйы, аталардын арманы унутула элек. Шейит болгон мекендештерибиздин элеси баарыбыздын жүрөгүбүздө. Сиздер менен чогуу чыр-чатакты токтотуу үчүн, тартипти калыбына келтирүү үчүн, элдин тынч турмушун улантуу үчүн тикебизден тик турдук. Баары эсимде», — деп белгиледи өлкө башчысы ошол каргашалуу окуя эми эч качан кайталанбашын тилеп.

Жээнбеков июнь окуялары мамлекеттин бүтүндүгүн, улуттар ортосундагы ынтымакты көздүн карегиндей сактоо керектигин эскертип турарын баса белгиледи.

«Кылымдар бою эриш-аркак, куда-сөөк, бир тууган болуп жашаган көп улуттуу элбиз. Ата-бабаларыбыз ынтымак менен биримдикти аздектеп, байыркы Ош шаарынын даңазалуу тарыхын жараткан. Улуттар аралык тынчтыкты, ынтымакты көздүн карегиндей сактоого ар бирибиз милдеттүүбүз. Өлкөбүздү чогуу күч-аракет менен гана өнүктүрөбүз», — деди ал.

Ошондой эле, президенттин сайтында өлкө башчысынын кайрылуусу жарыяланды. Анда көп түрдүүлүк — биздин байлыгыбыз деп белгиледи Жээнбеков.

«Кыргызстан — көп улуттуу мамлекет, биздин өлкөдө жүздөн ашык этностун өкүлдөрү жашайт. Бардык улуттун маданияты, үрп-адаты аяр мамиле кылууну, жарандарыбыздын укуктары астейдил коргоону талап кылат. Ар бир улут өзүнүн маданияты, тили, каада-салты менен мекенибиз Кыргызстанды көрктөндүрүп турат», — деди президент өз кайрылуусунда.

Жээнбеков июнь окуяларынын 10 жылдыгына карата эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна барды.

Ош жана Жалал-Абад облустарында орун алган июнь коогалаңына быйыл он жылдын жүзү болду. 2010-жылдын 10-июнунда улуттар аралык жаңжал чыгып, ал үч күнгө созулган. Кырдаал 14-июнь күнү эртең менен турукташкан.

Расмий маалыматтар боюнча, июнь окуясында 447 киши каза болуп, 1500ден ашык киши түрдүү жаракаттарды алышкан. Расмий эмес маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 2000 кишиден ашкан.

2010-жылы апрелде Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун администрациясынын убактылуу жетекчиси болуп дайындалган. Ал эми сентябрдан баштап губернатор катары иштеп баштаган.