«Зордуктоо, мечиттерден башаламандыкка чакыруу». Оштогу этникалык кагылыш учурунда кандай фейктер тараган?

10 жыл мурун — 2010-жылдын 10-июнунда — Ош жана Жалал-Абад облустарында этникалык кагылыш болгон. Бүгүнкү күндө коогалаң 11-июнга караган түнү «Алай» мейманканасынын алдында кыргыз жана өзбек улутундагы балдардын ортосунда чыккан уруштан улам башталганы такталган.

Балдардын урушу өлүм жана талкалоо менен шартталган төрт күндүк этникалык кагылышка айланган. Ал эми элдин арасында ошол кезде фейк-маалыматтар тараган.

Июнь коогалаңын иликтөө үчүн түзүлгөн комиссиянын маалыматына ылайык, жаңжалдын натыйжасында 400дөн ашуун жаран каза тапкан — алардын дээрлик 70 пайызы өзбек улутунда болгон. Расмий эмес маалыматтарга ылайык өлгөн жарандардын саны бир нече эсе көп болгон — 2 миңден ашуун.

Ал эми 100 миңден ашуун адам Өзбекстанга жана Орусияга качууга аргасыз болушкан, кээ бирлери Кыргызстандын түндүк аймактарына көчүп кетишкен. Жалпысынан 2 миңге чукул үй бузулуп, зыяндын өлчөмү 3,7 млрд сомду түзгөн.

Күч органдары этникалык кагылыштын натыйжасында 5 миңден ашуун кылмыш ишин козгогон. Ал иштердин ичинен 6,3 пайызынын гана бети ачылган.

Жалган маалыматтар эки улуттун ортосундагы жаңжалдын күчөшүнө гана алып келген. «Мемориал» укук коргоо борбору 2012-жылы июнь окуясындагы мифтерди баяндаган докладды жарыялаган. Коогалаңдын он жылдыгына карата биз эң жайылган үч миф тууралуу айтып беребиз.

Биринчи миф: «ОшМУнун студенти зордукталды»

11-июнга караган түнү «Алай» мейманканасынын жанындагы мекемелердин имараттары да кыйроого учураган. Алардын арасында Ош мамлекеттик университетинине караштуу студенттердин жатаканасы да болгон — имараттын терезелери таш ыргытуулардан улам сынган.

Ошол учурда кыргыз улутундагы жарандардын арасында өзбектердин тобу ОшМУнун жатаканасында бир нече студенттерди өлтүрүп, кыргыз кызды зордуктап койгону тууралуу ушак тарай баштаган. Кийинчерээк бул маалымат такталган эмес, бирок ошол кезде агрессивдүү адамдардын «Алай» мейманканасынын алдына чогулушуна түрткү берген.

Бул ушактын бир нече «версиясы» болгон. Биринчиси бир кыз зордукталганын кабарлаган, экинчиси 8 кыз зордукталып өлтүрүлгөнүн баяндаган. Кээ бир баяндамаларда жабыркаган кыздардын саны 300гө да жеткен.

«Мемориал» уюмунун докладында жаш жигиттин зордуктоолорго катышканы тууралалуу жана бул аракети үчүн 5 миң сом алганы тууралуу жазылган. Уюм 24.kg басылмасынын макаласына таянган. Бирок бул макаланы табууга мүмкүн болгон жок.

Бул маалымат жалган экенин парламенттин мүчөлөрү жана аткаминерлер да «ырастаган». «Мемориалдын» докладында Убактылуу өкмөттүн башчысынын мурунку орун басары, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, Азимбек Бекназаров жатаканада зордуктоого шектелген үч киши кармалганы билдирген. Бирок кийинчерээк ал зордуктоо болбогонун айткан.

Жатакананын алдында зордуктоо болбогонун Башкы прокурордун мурунку орун басары Рыскул Бактыбаев жана «Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова да тастыктаган. ОшМУнун жатаканасынын алдында жаңжал чыккан, бирок студенттер обладминистрациясынын алдындагы коопсуз жайга көчүрүлгөн. Бактыбаев ошол жерде болгон жаңжалда Пакистандын жараны каза тапканын кошумчалаган.

Бирок бул ушактар «өч алуу» максатында жасалган зордуктоолорду шарттаган. «Кылым шамы» укук коргоо борбору 15тен 60ка чейин зордуктоо фактыларын аныктаган. Көп учурда жабырлануучулар өзбек улутундагы кыздар жана аялдар болгон. Алардын жаш курагы 5тен 72 жашка чейин жеткен. Абдирасулованын айтымында, бүгүнкү күндө катталган ондон ашуун зордуктоолордун фактыларынын бири да аягына чейин тергеле элек.

Экинчи миф: «Мечиттерден башаламандыкка чакыруу»

Улуттук комиссиянын жыйынтыгына ылайык, жаңжал чыккан түнү «[сигнал] ракеталары чыгарылып, төрт мечиттин минареттеринен азан айтылган. Бул чакырыктардан кийин шаардын ар кайсы бурчтарында жана жакын жайгашкан айылдарда массалык башаламандыктар башталган».

Улуттук комиссия, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө таянып, июнь окуясы «алдын ала пландалган» деген жыйынтык чыгарган. Ал эми ракета менен мечиттерден чыккан азан «сепаратисттер» үчүн талкалоону баштоого сигнал болгону айтылат.

Бирок, «Мемориалдын айтымында», мамлекеттик органдардын версиялары жана күбөлөрдү көрсөтмөлөрү бири-бирине туура келбей калган. Ош ШИИБи көбүнчө өзбек улутундагы жарандар аймактардан төрт үн чыгаруучу ракета пайданган деп маалымдаган. Прокуратура өзүнүн отчётунда эки ракета тууралуу билдирген, ал эми парламенттик комиссия облусттук китепкана тараптан бир ракета чыгарылган деп кабарлаган.

Күбөлөр «көчөгө чыгуу» чакырыктарды ар кайсы убакытта угушканын айтышкан. Мисалы, Фуркат айылынын тургуну мечиттеги азанды түнкү саат бирлер чамасында айтылган деп билдирген. Анын үч айылдашы азан саат экилерде айтылганын кабарлашкан.

Эки аял Ош районунда жайгашкан мечиттен азан жана «көчөгө чыгуу» чакырыктар саат 10-11лер чамасында болгонун айтышкан. Ал эми башка тургун аны «Алай» мейманканасынын алдында ок атуулар болгондон кийин укканын билдирген.

2010-жылдын июль айында Кара-Суу районундагы Нурдар жана Кашгар-Кыштак айылында жайгашкан үч мечиттин кызматкерлери кармалган. Алар түнкү саат 1:30дан 2ге чейин азанды ретрансляция кылганы үчүн «Массалык тартипсиздикке чакырууга» жана «Улуттук кастыкты козутууга» айыпталышкан. Шектүүлөр айыптарды четке кагышкан.

Алардын айтымында, Нурдар айылында чын эле азан айтылган, бирок алар жергиликтүү тургундары этникалык кагылыштар башталганына байланыштуу этият болууга чакырышкан. Бул чакырык имам жана жергиликтүү депутаттын суранычы менен айтылганын билдиришкен. Натыйжада сот ошол жылдын сентябрь айында төрт жаранды «массалык тартипсиздикке чакырганы» үчүн төрт жылга эркинен ажыраткан.

Мечиттердин калган кызматкерлери жоопкерчиликке тартылган эмес. Ал эми «Шейит-Дөбө» аймагындагы мечиттин имамы Мухаммадамин Усманов ага коюлган айыптардан улам үй-бүлөсү менен бирге өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

«Мемориал» мечиттердеги үндү күчөтүүчү жабдыктар бир убакытта колдонулбаган деп эсептейт. Ошондой эле мечиттерден кыргыздарга «куралдуу жихад (ыйык согуш — редакция)» жарыялангандыгы тууралуу түз далилдер жок.

Үчүнчү миф: «Өлгөндөрдүн көбү кыргыздар»

«Мемориал» Оштун экс-мэри чыгарган китепте жаңжал чыккан түнү 40ка чукул адам каза тапкан деп жазганын белгилеген — ал эми Мырзакматов алардын көбү кыргыз болгон деп айткан.

Бирок «Мемориалдын» докладына ылайык, 11-июнь эрте менен Ош облусунун ооруканаларында онго жакын адамдын өлүмү катталган — алардын көбүнчөсү өзбек улутунда болгон. Ошондой эле ооруканаларга эки улуттан тең жарадар болгон жарандар түшкөн.

Бул мифти Улуттук комиссиянын жыйынтыгы да төгүндөйт: чырдан каза болгондордун 70 пайыздан ашууну өзбек улутундагы жарандар болгон. Ал эми жарадар болгон кыргыздардын саны өзбектерге караганда көбүрөөк: 1097 — 763.