COVID-19дан айыккандардын саны 1600дөн ашты

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 11-июнда маалымдагандай, өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 58 бейтап коронавирустан айыкты — алардын арасында 18 медкызматкер бар.

Илдеттен айыккандардын эң көбү Бишкек жана Ош шаарларында катталды — 33 жана 17. Ошондой эле Нарын облусунда алты, Ош жана Жалал-Абад облустарында бирден кишинин коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөтүп, алар ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 1630га жетти — бул жалпы оорулуулардын 76 пайызын түзөт. Айыккандардын арасында 312 медкызматкер бар.

Кыргызстанда 11-июнга карата коронавирустун жаңы 36 учуру катталды — жалпысынан 2129 учур. Ооруканаларда 473 адам жатат — алардын он бири оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө эки бейтап которулган.