Быйыл Ош менен Жалал-Абад облусунда болгон июнь коогалаңына 10 жыл толду. Аны утурлай 2010-жылы өткөөл мезгилде Кыргызстандын президенти болгон Роза Отунбаева «Азаттык» үналгысына берген маегинде коогалаңдын артында кимдер турганын айтты. Андан сырткары Өзбекстан менен Орусиянын президенттери менен кантип сүйлөшкөнүн, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан (ЖККУ) эмнеге аскерий жардам сураганын түшүндүрүп берди. «Клооп» экс-президенттин маегиндеги омоктуу ойлорун чогултту.

«Июнь окуясы атайылап уюштурулган». Биздин улуттар аралык катнаштардын начардыгы, ошол убактагы кемчиликтер даана көрүнүп сыртка чыкты да. Биздин өткөөл бийлик ошол учурда бутуна тура элек болчу. Биз Бишкектин айланасындагы көйгөйлөр менен алышып турганбыз. Эсиңерде болсо Маевка менен Токмокто дагы окуялар болду. 120дан ашуун митингдер болду. Биз ушуну менен алек болдук. Ал эми түштүктө туруктуу деле күч жок болчу. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков ошол жерде убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары турган.


Биз июнь окуясын атайылап уюштурулган деп аныктама беребиз. Көп күчтөрдүн ага кызыкчылыгы бар болчу.


Улуттар ортосундагы мамилелер өтө назик, териси өтө жука болот экен. Тездик менен айрылып жарага айланып кетет. Ошондуктан бул маселеге барыбыз көп көңүл бурушубуз керек экен.

Бакиевдер, криминал, наркотрафик, жикчилдер. Өзгөчө наркотрафик, криминалдык күчтөрдүн кызыкчылыктары ал жерде зор болчу.

Бакиевдер качып, Ошто парламентти чакырабыз деп чоң аракеттерди жасашты. Азыр деле саясатта, саясаттан тышкары жүргөн адамдар ошол жерде чоң аракет жасашты. Ал бир.

Бакиевге ошол маалда укук коргоо органдарында иштегендер кызмат кылып эле жүрүштү. Жайма-жай жүрүп, билгенин жасап жатышты. Биздин колубуз жеткен жок. Ал жерде кадр маселесинен, бизге колдоо берүү жагынан эч кимди таба албай турдук.

Отунбаева менен Бакиев. 2005-жыл. Ал убакта алар үзөңгүлөш, Аскар Акаевдин башкаруусуна карата оппозиционерлер болушчу. Сүрөт: Акипресс

Июнь окуясынан криминалдык күчтөр менен наркотрафикти көзөмөлдөгөндөр пайдаланды деп июнь окуясынан кийин көп эл аралык уюмдардын баалары айтылды. Россиянын атайын күчтөрү бул окуяларды жакшы эле иликтеди деп ойлойм.

Үчүнчүдөн чет элдик күчтөр болгон жок деп да айта албайбыз.


Бирок аны аныктай турчу база бүгүнкү күнү бизде жок.


Бул жөнүндө өтө эле катуу Өзбекстандын ошол учурдагы президенти Ислам Каримов айтып жатты. «Орто Азияда бизди бири-бирибиз менен согуштурайын деген, Орто Азияда дайыма эле өрт болуп турсун деген күчтөр бар» деп бул киши БУУнун сессиясында дагы айтып чыкты. Дайыма чарчабай айтып жатты.

Сепаратист жикчилдердин ролу да сөзсүз бар болчу. Ошол учурда башы көрүнгөн өзбек улутундагы саясатчылар бир топ аракет жасашты, республиканы козголоңго түртүштү. Элдин арасындагы карама-каршылык өрт сыяктуу чыгып кетти. Мен ойлойм коогалаң болбосо деле болот болчу, бирок алардын аракетинин жыйынтыгы ушундай болду.

2010-жылдагы НТВ телеканалынын жаңылыктарынан алынган кадр — Роза Отунбаева этникалар аралык кагылышуу маалында Ошко жөнөгөнү жатат.

Коопсуз жайга көчүрүлгөн эл. 10-11-июнда биз Ош менен алек болуп жаттык. 12-13-июнда башаламандык Жалал-Абадга өтүп, ал жак дагы күйүп кетти. Убактылуу өкмөт 10-июнда түндө чогулуп, бул жакка [Ошко] учактарды жөнөтө баштадык.

Ушундай абал болду нан, суу жок. 7 миңдей кишини 160 учак каттамы менен Бишкекке алып келдик. Күн сайын үчтөн каттам уюштурулду. Ош менен Жалал-Абадга канчалаган азык-түлүк жибердик. Кыргызстан түп көтөрүлө жардам берип жатты. Коңшулар да берди. Эл аралык уюмдар да жардам берди.

70 миң адам Өзбекстандагы лагерлерге барып жайгашты. Ошол замат БУУнун атайын качкындар боюнча уюму ошол жерде шарт түзүп, чатырларды берип алар жайгашты. Өзгөчө аялдар жаш балдары менен кетишти. Эркектер жашаган жеринде калды. Өзбекстандан эч ким биз жакка кирген жок.


Биз өзүбүз менен эле кармашып турдук. Кийин тынчыдык.


Өзбекстан жана Орусиядан суралган жардам. 10-11-июнда катуу болду. Эл бири-бири менен тирешип калды. Кайдан-жайдан абдан көп мылтыктар пайда болду. Тилекке каршы өлгөндөр дагы көп болуп жатты.

Мен ошондо Ислам Каримов менен сүйлөшүп калдым. Ал «бул жерде эч нерсе кыла албайм, чек араны катуу кармап турайын, бизде дагы барып жардам беребиз деген улутчулдар көп. Өзүң аракет кылып чеч» деди.

Отунбаева менен Медведевдин 2010-жылдын август айындагы жолугушуусу. Сүрөт: Кремль

Экөөбүздүн ортобузда ушундай сөз болду. Ошондон кийин ЖККУдагы биздин туруктуу өнөктөшүбүз Орусияны издей баштадым. Дмитрий Медведев менен 12-июнда сүйлөштүм. 12-июнь Россиянын улуттук күнү, ал кишини дароо таба алган жокмун. Аппарат башчысы Сергей Нарышкин «ал киши Кремлде сыйлыктарды тапшырып жатыптыр чыгалбайт» деди.


«Эгер атууга туура келип калса кандай болот?»


12-июнда түштөн кийин ал киши [Медведев] чалып калды. Мен «бизге күч түзүмү жактан жардам болбосо болбой калды, өзүбүздүн даярдыгыбыз жок экен, ошондуктан ЖККУдан жардам сурап жатабыз» дедим. Алар да акылдашты окшойт, 13-июнда мага «биз да кыйналып жатабыз, эгер биз кирсек Орусия дагы бул коогалаңга аралашып калгандай болот. Эгер атууга туура келип калса кандай болот?» деген тоскоолдуктар пайда болгонун айтышты.

«Жаңжалды эл өзү токтотту». Элдин ынтымагы элдин өзүнөн көз каранды, эл өзү жарылбайын деп аракет кылышы керек экен. Биздин ар бирибизде ушундай дем, ой бар деп ойлойм. Эл өзүнүн келечегин өзү ойлойт экен. Элибиз ушунчалык бирге болуп турду, жаңжалды өзү эле токтотуп койду.

«Июнь окуясы дагы иликтенет». Мындай чоң окуялар келечекте дагы деле иликтене берет, изилдөөлөр болот. Өзүбүз изилдебесек дагы башкалар кызыгып изилдейт.


Биздин окумуштуулар көп жалкоолук жасап жатышат, кыйын абал деп шылтоо көп.


Дүйнө жүзүндө кызыккандар өтө көп. 7-майда «Оксфорд» университети менен «Эксетер» университеттери «Кыргызстандагы революциянын 10 жылдыгы» деген аталышта конференция өткөрүштү. Дүйнө жүзүнөн 95 адам жазылды, кызыккандар көп.

Сүрөт: UNDP

«Биздин бүгүн дүйнөгө жүзүбүз жарык». Киммо Кильюнендин доклады Кыргызстандан чоң көөнү алып салды. Биздин бүгүн дүйнөгө жүзүбүз жарык. Ошол докладда үч маанилүү жыйынтык бар. Биринчиден Кыргызстанда геноцид болгон жок, экинчиден аскерий кылмыш жасалган жок, үчүнчүдөн жасалган кылмыштардын бардыгы Кыргызстанда каралып чечилиши керек.

2011-жылы 26-майда Жогорку Кеңеш 2010-жылдагы июнь окуяларын иликтеген эл аралык комиссиясынын башчысы Киммо Кильюненди персона нон-грата деп жарыялаган. Депутаттар комиссиянын отчётунда бейтарап корутунду жана изилдөө болбогонун жүйө келтиришкен. Андан сырткары өзбек сепартисттеринен пара алган деп айыпташкан. Өз кезегинде Кильюнен ага карата коюлган кинени четке каккан болчу.

2010-жылы июнда Ош менен Жалал-Абад болгон коогалаңда 470тен ашык киши каза болуп, миңдеген киши түрдүү жаракаттарды алган.