Кыргызстанда коронавирус дагы 36 адамдан аныкталды — жалпы 2129 учур

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус инфекциясы дагы 36 адамдан табылды — алардын ону медкызматкер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 11-июндагы брифингде билдирди.

Илдеттин эң көп жаңы учуру Бишкек шаарында катталды — 17. Алардын арасында тогуз медкызматкер бар. Ош шаарында коронавируска бир медкызматкер жана бир адам чалдыкты. Ошондой эле коронавирус Ош облусунда төрт, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облусттарында үчтөн, Талас облусунда эки, Баткен жана Нарын облусунда бирден кишиде табылды.

Жаңы катталган учурлардын төртү чет өлкөлөрдөн келген жарандардан аныкталган. Дагы 19 киши оорулуулар менен карым-катнашта болгон, ал эми 13 бейтаптын COVID-19ду кантип жуктуруп алганы белгисиз.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 2129га жетти — анын 419у медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 1630 адам айыкты, жыйырма алты бейтап көз жумду.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкек шаарында катталган — 591 учур. Нарын облусу бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда келе жатат — 401 учур. Ош облусунда — 246, Жалал-Абад облусунда — 174, Ош шаарында — 244, Чүй облусунда — 172, Баткен облусунда — 33, Ысык-Көл облусунда — 25 жана Талас облусунда үч адам илдетке чалдыкты.

Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктардын арасында 240 адамда коронавирус аныкталды.

Учурда ооруканаларда 473 адам калууда — алардын он бири оор абалда, экөөсү жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияга 1438 адам алынды.

Коронавируска чалдыккандар менен карым-катнашта болгондордун саны 9024тү түздү. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 2162.