Бир кадр менен: Президент менен дыйкан муштум тийгизип учурашты

Сүрөт: Султан Досалиевдин фейсбук баракчасынан алынды

Президент Сооронбай Жээнбеков 11-июнда Ош облусунун Араван районуна барып, жашылча-жемиш өстүргөн фермердик чарбанын иши менен таанышты.

Мамлекет башчысы менен дыйкан кол алышып учурашуунун ордуна муштумдарын тийгизип саламдашты. Ошондой эле Жээнбеков иш сапарында беткапсыз жүрдү.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясынан улам санитардык-карантиндик режим сакталууга тийиш. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги кишилердин бири-бири менен кол алышып, кучакташып учурашуусун сунуштабайт. Анын ордуна коомдук жайларда социалдык аралыкты сактоо керектиги эскертилип келет.

Саламаттык сактоо министрдинин орун басары Нурболот Үсөнбаев 12-июндагы брифингде беткап режими дагы деле күчүндө экенин баса белгиледи.

12-июнга карата Кыргызстан боюнча 2166 кишиге коронавирус жугуп, 1668 бейтап айыкты. 26 киши каза болду.