Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-июнда президент Владимир Путинди жана анын элин Орусинын күнү менен куттуктады.

«Кыргызстанда жалпы тарыхый мурас, сиздин Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кылымдарды карыткан достук мамилелерди өнүктүрүүгө, биргелешкен ири экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга кошкон жеке салымыңыз, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерде көрсөткөн колдооңуз жогору бааланат», — деп айтылат куттуктоо телеграмында.

Ошондой эле Кыргызстандын президенти Путиндин учурунда Орусия албан ийгиликтерге жетишип, бүгүнкү күндө Орусиянын өнүгүшү менен эл аралык кадыр-баркы Путиндин аты менен тыгыз байланышта деп билдирди.

Анын айтымында, ал кыргыз-орус мамилелери мындан ары да эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча «эки мамлекеттин гүлдөп-өсүшү үчүн» союздаш жана стратегиялык өнөктөштүк духунда динамикалуу жана жемиштүү өнүгөт деп ишенет.

Жээнбеков Путинге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишинде мындан аркы албан ийгиликтерди, ал эми Орусиянын элине тынчтык жана бакубатчылыкты каалады.