Сүрөт соцтармактардан алынды

Нарын облусундагы Нарын районунун Жерге-Тал айылынын 100дөн ашуун тургуну Кум-Бел жайлоосуна бара жаткан Кочкор районунун малчыларынын буюм-тайымдары жүктөлгөн «КамАЗдарын» тосуп, аларды бир аптадан бери жайлоого өткөрбөй турушат.

Мушташка чейин жеткен жайыт талашуу маселесин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жөнгө сала албай жатышканын моюндашты. Нарын райондук милициясы ал арада «Жолдорду мыйзамсыз тосуу» беренеси менен сотко чейинки териштирүүнү жүргүзүүдө.

Эки райондун тургундарынын ортосунда жылдап созулган тирешинин чоо-жайын «Клооптун» журналисттери изилдеп көрдү.

Талашка түшкөн Кум-Бел жайлоосу

Жерге-талдыктар өздөрүнүн малынын саны өсүп, жайлоо жана кыштоо жерлери тар болгондуктан Кум-Бел жайлоосу аларга гана пайдаланууга берилишин талап кылышууда. Кум-Бел жайлоосу негизинен Нарын районунун аймагына кирет. Ал жакка райондун малчыларынан тышкары Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнөн дагы малчылар келип жайлашат.

Жерге-Тал айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Руслан Асаналиевдин айтымында, 1958-жылы СССР учурунда Кум-Бел жайлоосунан 6 миң гектардан ашуун жер Кочкор районунун малчыларына узак мөөнөткө пайдаланууга берилген. Анын мөөнөтү 2020-жылы аяктамак. Бирок өкмөт 2019-жылы 27-ноябрда жайыттар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алып, жайыттарды узак мөөнөткө пайдалануу 2030-жылга чейин узартылган.

Асаналиевдин айтымында, Кочкордун малчылары 1990-жылдарга чейин жайлоону жайлап, андан кийин келбей калышкан. 2016-жылы Кум-Бел жайлоосуна Нарын жана Кочкордун акимдери, өкмөттүн ошол кездеги Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Ак-Кыя айыл өкмөтүнөн өкүлдөр келип, «эки короо кой жайлоого чыгат» деп үч тараптуу келишим түзүлгөн.

«Ошол келишимдин негизинде эки короо кой жайлаган. Кайра бирөө кетип калып бир эле чабан жайлап жүргөн. Быйыл болсо 10 короо кой киргизесиңер деп жатышат. Бирок биздин жергиликтүү тургундар макул болбой, мунун саясаты башка деп каршы болушууда», — деди Асаналиев.

Ошондой эле, Асаналиев чыр-чатак жайлоону колдонуу мөөнөтүн узартуу эл менен акылдашылбай кабыл алынып калгандыктан чыкканын айтат.

«Биз алар [Кочкордун тургундары] менен жоолукканда кадимкидей эле сүйлөшөбүз, болгону бийлик узак мөөнөткө узартардан мурун комиссия түзүп, ушундай чыр жерлерди бир сыйра анализдеп чыкса жакшы болмок. Буга чейин 21 кишиден турган комиссия [жайыттар боюнча] түзүлгөн деп айтылган, бирок бири дагы келип анализ жүргүзгөн жок», — дейт Асаналиев.

Сүрөт соцтармактардан алынды

Кочкорлуктар эмне дейт?

Кочкор районуну тургуну Бакыт Жумабаев «Азаттыкка» курган маегинде Нарын районуну акими Кум-Белге өтүп кетүүгө коридор жасап берүүнү убадалагынын айтат.

«Нарын районуну акими Семетей Черикбаев коридор жасап берем, түп-түз эле кирип кетесиңер деген, бирок келсек кырдаал башкача экен. Бул жакта эл чогулуп бизди киргизбей жатат. Жамгырда кичинекей балдары менен турушат. Жууркан-төшөктүн баары суу болду», — деген ал.

Ал эми Кочкор районунун акими Темирболот Абыкеев Кум-Бел жайлоосуна 2030-жылга чейин чыгууга алардын укугу бар экенин белгиледи. Ал ошондой эле, быйыл Кум-Белге Кочкор районунан 25 чабан келиши керектигин, бирок кыскарып отуруп, 10 чабан гана барат деген чечим кабыл алынганына токтолду.

«Өкмөт башчы [Мухаммедкалый Абылгазиев] кочкорлук болгондуктан ошол жакка алып берип койду деп кээ бир жерге-талдык чагымчыл күчтөр саясатташтырып жатат. Кум-Белде бизге тиешелүү жалпы 6 788 гектар жерибиз бар. Жерге-Талдыктарга 10 короо коюбузду батыргыла, калган жерди силерге берели десек дагы болбой жатышат» — дейт Абыкеев

Жергиликтүү бийлик менен элдин пикири ар башка

Нарын районунун акими Семетей Черикбаев жайыттарды узак мөөнөткө пайдалануунун мөөнөтү узарганы Нарын району үчүн да пайдалуу болгонун айтат. Себеби бул токтом чыкпаса 7 айыл өкмөтү башка райондордон узак мөөнөттүү пайдаланууга жайыт албай калмак.

«Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн алыскы Ак-Сай жайлоосунда 48 000 гектар жайыты бар. Ал жакка Жерге-Тал айыл өкмөтүнөн 24 малчы барып жайламак. Бул иштер алдын ала макулдашылган. 12 малчыны Ак-Сайга көчүрүп барып, бардык шартын түзүп бердик. Калган 12 малчы Ак-Сайга баруудан баш тартып, Кум-Бел жайлоосуна жайлайбыз деп турушат», — деди Черикбаев.

Бирок Жерге-Тал айылынын тургуну Адилет Тыныбеков жергиликтүү бийликтин жерге-талдыктарды Ак-Сайга барып жайлагыла деген сунушун колдобойт. Себеби, алардын мал-жаны Кум-Белде жайлап жүрүп көнгөн.

«Канча жылдан бери отуруп келаткан жерибизди ошолорго [Кочкордун малчыларына] берип коюп, анан биз ошол жакка [Ак-Сайга] барышыбыз керекпи? Былтыр эле аким, губернатор баш болуп келип 2020-жылга чейин эле деп эки короо коюн киргизишкен. Быйыл кайра 10 короо кой киргизебиз деп жатат», — деп нааразы болду.

Кен казган компания жайытты тарытты

Кум-Бел жайлоосунун тар болуп жатканын дагы бир себеби буга чейин алтын казам деген компаниялар келип жерди чукуп, бирок аларды түздөбөй кеткен. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин башчысы Руслан Асаналиев 2009-2010-жылдары жергиликтүү тургундар кен иштетем деген компанияларды чукуган жерин кайра толтуруп түздөбөгөнү үчүн кууп чыкканын айтат. Себеби, орду толтурулбаган жерлерде аңдар пайда болуп мал жаюуга ылайыксыз болуп калган.

Учурда Кум-Бел алтын кенин «АТ Минералз» жоопкерчилиги чектелген коому иштетип жатат. Аталган компания 2018-жылдын 31-январында кен иштетүү боюнча өткөрүлгөн аукционду 214 миң АКШ долларын сунуштап утуп алган.

Сүрөт соцтармактардан алынды

Жайыт талаш маселеси парламентте да көтөрүлдү

Кум-Бел жайлоосунун чырын депутат Чыныбай Турсунбеков парламенттин 10-июндагы жыйынында көтөрүп, маселенин баары элге түшүндүрүү иштери жакшы жүргүзүлбөгөндүктөн чыкканын айтты.

«Эл менен кеңешпей туруп жайыттарда колдонуу мөөнөтүн узартып коюптурсуңар. Эми эки айылдын эли тирешип жатат. Өкмөттүн эл менен чогуу отуруп чечкенге мүмкүнчүлүгү жокпу?» – деп ал суроо салды.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев жайыттарды узак мөөнөткө колдонууну 2030-жылга чейин узартар алдында район башчыларынын, айыл тургундарынын катышуусунда тегерек столдор өткөн деп ишендирди. Анын жыйынтыгы менен өкмөт 2019-жылы токтом чыгарган дейт. Керималиев андан сырткары чырды иликтеп чыга турган комиссия түзүлө турганын белгиледи.

Бирок депутат министрдин орун басарынын берген жообуна канааттанбай, эл менен сүйлөшүү формалдуу гана түрдө ишке ашкандыктан азыркыдай абал түзүлүп жатканын белгиледи.

«Ал өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн баары формалдуу болгонун азыр көрүп жатабыз. Азыр иш өтө чатак. Эл “өкмөт биз менен кеңешпей туруп узартып койду” деп жатат. Өкмөттүн деңгээлинде комиссия түзүлүп, жеринен барып тактап туура чечим чыгарышаңар керек», — деген депутат министрдин орун басарын түзүлгөн кырдаалга олуттуу мамиле кылууга чакырды.

Буга чейин 28-майда өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов облустук администрацияда Нарын районунун Жерге-Тал, Жалгыз-Терек, Кызыл-Жылдыз айыл аймактарынын тургундары менен жайыт маселесин талкуулаган. Бирок жергиликтүү тургундар бир жумага жетпей жол тосуп, кочкорлук малчыларды жайлоого өткөрбөй жол тосушкан. Башкача айтканда облус башчысы менен болгон сүйлөшүүдөн майнап чыккан эмес.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Назгүл Мүсүралиева «Клоопко» учурда элге түшүндүрүү иштери уланып жатканын, бирок маселе чечиле электигин маалымдады. Андан сырткары жайыттар мамлекеттин менчиги болгондуктан Жайыттар мыйзамы менен тескелээрин эскертти. Азыр жеринде жергиликтүү эл чогулуп, малчыларды дагы деле өткөрбөй турушат.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда убактылуу жайыттарды пайдалануу боюнча 770 миң гектар жер болсо, ошонун 240 миң гектары Нарын районунда.