Экс-депутат Болот Шер инстульттан улам комага түштү

Экс-депутат Болот Шер инсульттан улам 12-июнга караган түнү Улуттук госпиталга жаткырылган. Учурда ал комада. Буга чейин саясатчы башынан эки инсультту өткөргөн.

*Болот Шер — 61 жаштагы кыргыз саясатчысы, экс-депутат, Убактылуу өкмөттүн учурунда ИИМдин башчысы, парламенттин мурдагы спикери.

Агасынын ден соолугу тууралуу маалыматты депутат Садык Шер-Нияз тастыктап берди.

«Болот Шер Улуттук госпиталга мурдагы түнү инсульт алып түшкөн. Азыр абалын орточо оор деп баалап жатышат. Миталип Мамытович баштаган дарыгерлер тобу абалына көз салууда», — деп билдирген депутат Садык Шер-Нияз «Спутникке». Миталип Мамытов — белгилүү кыргыз жана советтик нейрохирург.

Бул маалыматты депутат Максат Сабиров да тастыктады.

«Кечээ кесиптешиме баргам, ага киргизбей жатышат. Айрым маалыматтар боюнча, окуя болгон учурда Болот Шер үйдө болчу», — деп келтирет саясатчынын айткандарын 24.kg басылмасы.