Бул сурөт 12-июнда жума намаз учурунда тартылган. Интерьерге караганда — бул Бишкектин түндүк чыгышындагы, тагыраагы, Жибек-Жолундагы борбордук мечит.

Бул күнү муфтий Максат Токтомушев санитардык нормаларды сактоо өтүнүчү менен мусулмандарга кайрылган.

«Биз тартипти сакташыбыз керек. Баары акырындан өз ордуна келет. Ошондуктан бири-бирибизге жардам берели, сабырдыкка чакыралы», — деди Токтомушев.

Жума намазга келгендер бир-биринен аралыкты сактап отурушат, анын үстүнө мечиттин аянты буга жол берет — бул Борбор Азиядагы эң чоң мечит.

Дем алыш күндө отурганда мечит кандай экенин көрүп коюңуз:

VR-тур: Бишкекте 25 млн долларга курулган мечиттин көрүнүшү кандай?