Бишкектин административдик соту 12-июнда өмүр бою эркинен ажарытылган Азимжан Аскаровдун өкмөткө койгон доосун кароодон баш тартты. Аскаров өкмөттү ал БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин 2016-жылы чыккан чечимин аткарбай жатканы үчүн сотко берген. Чечимде Комитет Аскаровду кыйноодон жапа чеккен деп таанып, Кыргызстандын бийлигинен аны токтоосуз бошотуп, компенсация төлөп берүүнү талап кылган. Бийлик бул талаптарды бүгүнкү күнгө чейин аткара элек.
Аскародун доо арызы башында кароого кабыл алынганына карабастан, судья Чолпон Досмамбетова доону кароодон баш тартуу тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитов билдирди.
«Биз бардык документтерди бердик, аргументтерди келтирдик — эмне үчүн өкмөт БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин сунуштоолорунун аткарыла турган механизмин берүүгө милдеттүү экени боюнча жана кыйноодон, соттук ээн баштыктан жапа чеккен адамга катары Аскаровго компенсация төлөп бериши керектиги боюнча», — деп айтып берди адвокат.
Вахитов өкмөттүн өкүлү сотко каршылык көрсөткөнүн белгиледи. Талкуу учурунда өкмөттүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш БУУнун Комитетинин Азимжан Аскаровго карата түшүндүрмөлөрүн аткаруу боюнча эч кандай иш жүргүзбөгөнү белгилүү болду.
«Өкмөттүн бардык ишинин маани-маңызы БУУнун Комитетинин түшүндүрмөсүн алууга, аны кайра сотко жөнөтүүгө жумшалган, андан кийин соттун өкүмүн алып, бул тууралуу комитетке маалымат беришкен. Өкмөттүн өкүлү сотко БУУнун Комитетинин Азимжан Аскаровго карата түшүндүрмөлөрүн аткаруу боюнча чаралар көрүлүп же көрүлбөй жатканы боюнча эч бир далил бере алган жок», — деп билдирди адвокат.
Валерьян Вахитов билдиргендей, судья Досмамбетова ишти «административдик сот өндүрүшүнүн тартибинде кароого болбогондуктан» токтоткон, бирок ал февралда Административдик-процессуалдык кодекске таянып аны кабыл алган болчу.
«Бул жагдай таң калтырууда, себеп дегенде бир эле жагдай боюнча сот эки карама-каршы аныктама чыгарып жатат», — деди Вахитов.
Жогорку сот 13-майда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кассациялык арызын караган.
Укук коргоочу БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин чечими боюнча Чүй облустук сотунун өкүмүнүн үстүнөн даттанган. Анда Чүй облустук соту Аскаровго карата өмүрү өтүчөктү жаза өтөө өкүмүн күчүндө калтырган болчу.
«Бир Дүйнө — Кыргызстандын» адвокаттары Жогорку соттон укук коргоочу Азимжан Аскаровго каршы кылмыш куугунтугун токтотууну жана аны БУУнун Комитетинин чечиминде жазылгандай эркиндикке чыгарууну суранган.
«Аскаровдун камакта отурганына жакында 10 жыл болот. Ал дээрлик 70 жашка чыгып калды, ооруп атат. Гумандык жана адилеттүүлүк принципин эске алуу менен, эл аралык келишимдер боюнча алынган милдеттенмелерди аткаруу менен кылмыш ишин токтотууну суранам», — деп билдирди сот жыйынында адвокат Валерьян Вахитов.
«Бир Дүйнө — Кыргызстандын» адвокаттары БУУнун Комитетинин чечимине таянып Аскаровго карата кылмыш ишин токтотууну суранышканы менен Жогорку сот укук коргоочуну өмүр бою эркиндигинен ажыратуу боюнча мурдагы өкүмдү күчүндө калтырган.
Аскаров деген ким?
Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндөгү укук коргоочу. Ал милиция тарабынан жасалган кыйноолор боюнча иликтөөсүнөн улам белгилүү болгон.
Аны 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармашкан. Укук коргоочуга «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Адам өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айып тагылган. Сот Аскаровду 2010-жылдын аягында өмүр бою эркинен ажыраткан менен укук коргоочу тагылган айыпты мойнуна алган эмес.
БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылы Аскаров кыйноого алынып, укук коргоочуга карата сот териштирүүсү адилетсиз болгонун тааныган. Комитет Кыргызстандын бийлигин Аскаровду токтоосуз бошотуп, анын соттолгондугун жокко чыгарууну талап кылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин андай боло элек.