Сүрөт: Султан Досалиев

Жаштарды өнүктүрүү институту Кыргызстандын мектептердин 4-чейректеги аралыктан окутуу сапатын жана жеткиликтүүлүгүн аныктоо үчүн мониторинг жүргүздү. Анын жыйынтыктары 5-июнда жарыяланды.

Институт жүргүзгөн изилдөөгө өлкө боюнча жалпысынан 3 миңге жакын респондент катышкан – алардын 2700ү онлайн сурамжылоодон өтүп, 75 ата-эне, мугалим жана окуучу менен түздөн-түз маектешүү уюштурулган. Ар бир респондент аралыктан окутуунун артыкчылыгы жана кемчилиги жөнүндө баяндап берген.

Дистанттык окутууда жаралган көйгөйлөр

Респонденттер онлайн сабактарды калтыруудагы эң негизги көйгөй – интернеттин жоктугу, же анын сапатынын начардыгы экенин айтышкан. Айрыкча аймактарда бул көйгөйгө туш болгондор көп болгон.

Сурамжылоого катышкандардын ичинен 1066 адам интернетке туташууда көп учурда көйгөй жаралганын билдирген. Ал эми жалпысынан катышуучулардын 57%ы ал кемчиликтер окууну кыйындатканын айткан.

Ошондой эле, дистанттык окуу үчүн эмне керек деген суроого көпчүлүгү телефон деп жооп беришкен – 1773 адам. Ал эми калгандары сапаттуу билим алуу үчүн жок эле дегенде сыналгы жана компьютер керек деп эсептешкен.

Изилдөөгө катышкан окуучулардын тең жарымы билим алуу үчүн ата-энелеринин, жакындарынын телефондорун, же жөн гана сыналгыны колдонушкан – бул үй-бүлөдөгү финансылык көйгөйлөргө барып такалат.

Дистанттык билим берүүдө балдардын чектелип калуусунун негизги себептери үй-бүлөдө техникалык каражаттардын жетишсиздиги, эски телефондордун керектүү тиркемелерди колдобогондугу жана онлайн тиркемелерди колдонуу үчүн каражаттын жоктугу эсептелген.

Ошондой эле, кээ бир үйлөрдө сыналгы жана интернет таптакыр болгон эмес. Мындай учурда алар китеп менен гана окууну мурдагыдай улантышкан.

Видео сабак аркылуу окуп жаткан окуучу. Сүрөт: AKIpress

WhatsApp мессенджери аркылуу окутуу

Катышуучулар баарына жеткиликтүү платформа катары сыналгыны тандашкан, ошол эле учурда соцтармактардын ичинен WhatsApp тиркемеси ыңгайлуулугу боюнча биринчи орунда турган. Сурамжылоого катышкан окуучулардын баары бул тиркемени пайдаланышкан.

Мамлекеттик жана башка телеканалдардан көрсөтүлгөн видеосабактар дээрлик баардык региондордо жеткиликтүү болгон. Респонденттердин 10%ы гана бул сабактарды жеткиликтүү болгон жок деп баалашкан. Алар кемчиликтерди теледен көрсөтүлгөн сабактар окуу программасына дал келбегендиги менен байланыштырышкан.

«Жалпысынан сыналгыдагы сабактар эч кандай пайда алып келген жок. Балдар интернетте мугалимдери менен чогуу окууну артык көрүшөт», – деген ата-энелер.

Ал эми ар бир бешинчи адам видео сабактардын коюлган графиги ыңгайлуу эмес деп жооп берген.

Онлайн окутууда байланышуу үчүн эң көп WhatsApp, Zoom тиркемелери колдонулган.

Аралыктан окутуу боюнча ата-энелердин ою

Ата-энелердин 25,3%ы карантин учурунда балдардын окууда жетишкендиги жогорулаганын айтышса, 28,3%ы өзгөрүүлөрдү байкаган эмес. Ал эми 33,5%ы баалоонун натыйжалуу куралы жок болгондуктан аны аныктоо кыйын экенидигин билдиришкен.

Ошондой эле, ата-энелер үчүн аралыктан окутуунун эң негизги артыкчылыктары болуп балдарынын билим алуусуна көбүрөөк көңүл бура баштагандыгы болгон. Мындан сырткары алар балдардын үйдөн окуусу коопсуз экенин айтышкан.

Анткен менен алардын 43%ы аралыктан окутуунун артыкчылыктарын көрүшкөн эмес. Алар балдар үйдө өзүн таштап коюшаарын, мугалимдер менен баарлашуунун жетишсиздигин жана өздөрүнүн бала окутууга жөндөмү жоктугун негизги кемчилик катары белгилешкен.

Онлайн сабак өтүп жаткан мугалим.  Сүрөт: AKIpress

Стресске түшкөн окуучулар

Мугалимдер өздөрүнүн жана балдардын окутуунун жаңы усулдарын үйрөнгөндүгүн карантиндеги билим берүүнүн негизги артыкчылыгы катары эсептешет. Ошондой эле, алар балдар өз алдынча маалымат издөөгө үйрөнгөнүн айтышкан.

Алар үчүн негизги кемчилик — балдардагы керектүү жабдуулардын жетишсиздиги, начар интернет жана үй жумуштарынан улам алардын сабакка даярданууга убактысы болбогондугу.

Ал эми окуучулар үйдө «мектептегидей кысым болбогондуктан карантиндеги билим берүү ыңгайлуу чөйрөдө болгонун айтышкан. Мындан сырткары, интернет-ресурстарын колдонуу алардын жаңы билимге кызыгуусун арттырган.

Сурамжылоого катышкан окуучулардын 15,7 пайызы аралыктан окутуунун эч кандай пайдасын көрүшкөн эмес. Муну алар курдаштары жана мугалимдери менен түз байланыштын жоктугу менен түшүндүрүшкөн. Жетишпеген техникалар да материалды өздөштүрүүгө терс таасир эткен.

Окуучулар негизинен дистанттык окууга өздөрүнүн 3-4 саат убактысын бөлүшкөн. Алардын 86 пайызы, айрыкча мамлекеттик сынактарды тапшырчу чоң класстардын окуучулары, стресске түшүшкөн. Буга адаттан тыш билим берүү тутуму, мугалим менен жетишсиз байланыш жана өткөрүлчү сынактардын кандай болору боюнча жаралган суроолор себеп болгон.

Окутуунун сапатын жакшыртуу боюнча сунуштар

Жаштарды өнүктүрүү институту онлайн окутуунун сапатын жакшыртуу максатында билим берүү министрлигине бир катар сунуштарды иштеп чыкты.

Алардын негизгиси — мамлекеттик деңгээлде санариптик трансформация процесстерин тездетүү, мектептерди техникалык каражаттар жана тутумдар менен гана камсыз кылуу менен чектелбей, аралыктан билим берүүдө натыйжалуу башкаруу чечимдерин аныктоо жана түзүү.

Ошондой эле, алар Билим берүү министрлигине Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте шарты оор үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп, керектүү каражаттар менен камсыздоону сунуштаган.

Кыргызстанда 2020-жыл «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланган. Коронавирус пандемиясынан улам мектеп окуучулары төртүнчү чейректи онлайн окуп, окуу жылын жыйынтыкташты.