Өткөн сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган дагы эки бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб коронавирус жуктуруп алган дагы эки бейтап каза болгонун кабарлады. Маркумдардын бири 85 жаштагы аял Бишкектеги Улуттук фтизиатрия борборунда дарыланып келген.

«Пневмония менен келген. Өтө оор абалда болуп кийин ошол жерден лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, COVID-19 дарты табылып, Кыргыз-түрк ооруканасына которулган болчу. Бирок биздин жүргүзүлгөн дарылоого карабастан реанимациялык иш-чараларга карабастан бул киши кайтыш болуп калды», — деди Үсөнбаев.

Ошондой эле Ош облусттук ооруканасында коронавирус жуктуруп алган 53 жаштагы эркек көз жумду. Маркум «лейкемия» менен ооруп жүргөн. Анын өлүмүнүн негизги себеби «апластикалык анемия» болгону айтылууда.

Расмий маалыматка ылайык, коронавирустан каза болгон жарандардын саны 28ге жетти — алардын арасында эки медкызматкер бар. Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн Ошто каза болгон бейтап коронавирустан көз жумгандардын расмий статистикасына кошкон жок.