Боронов «зомбулукка каршы күрөшүү боюнча атайын орган» ачуу маселесин кароону убада кылды

Депутат Карамат Орозова премьер-министрлик кызматка талапкер Кубатбек Бороновдон үй-бүлөлүк зомбулуктун деңгээлин кантип азайтаарын сурады. Бул суроо ага 17-июндагы парламенттик жыйында премьер-министрдин талапкерлигин талкулоо убагында берилди.

«Сиздин маалыматыңыз болсо керек, акыркы учурларда бизде үй-бүлөлүк зомбулук, балдарга болгон зомбулук, кыз келиндерге болгон зордук-зомбулук 65% өстү. 2013-жылы 2339 болсо, быйыл үч айдын ичинде 2319 болуп катталып атат. Үй-бүлөнү, аялдарды, балдарды коргоо, гендер маселеси боюнча өкмөттүн алдында атайын бир орган болушу керек. Үй-бүлө сакталмайын, коомубузда тынчтык сакталбайт», — деп билдирди Орозова.

Кубатбек Боронов административдик реформа боюнча комиссиянын курамында зомбулукка каршы күрөшүү боюнча органды түзүү маселесин талкулоону сунуштайм деп жооп берди.

Анткен менен Кыргызстанда ИИМ бар — ал кылмыштарга да, ошондой эле үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы да күрөшө турган атайын орган болуп эсептелинет. Милиционерлер зомбулуктан жапа чеккендерге көбүрөөк эмпатия менен мамиле кыла башташы үчүн аймактык милиционерлер гендердик сезимталдык боюнча курстарга бир нече жолу барышкан.

Үй-бүлөдөгү зомбулук 2020-жылдын башынан бери курч тема болууда. Январь айы аялды өлүмгө алып келген токмоктоо тууралуу жаңылыктардан башталган. Эң аз дегенде ушундай учурлардын жетөөсү тууралуу белгилүү жана бул учурлар милиция менен ЖМКлар кабарлаган учурлар гана.

Зомбулуктун деңгээли карантин учурунда көбөйүп, бул тема парламентте да көтөрүлгөн, бул тема аялын кордогон кишинин видеосу тарап кеткенден кийин июнь айында да кайрадан талкууланды.

12-июнда соцтармактарда күйөөсү аялынын колун байлап, мойнуна дөңгөлөктөрдү илип, ага суу куюп, бетине чаап турган зомбулуктун видеосу пайда болгон.

Кийинчерээк Жалал-Абад ОИИБи бул окуя 8-июнда Сузак районунун Бек-Абад айылында болгонун кабарлады. 51 жаштагы шектүү адам ТИЗОго 15 күнгө киргизилген. Милиция «Уруп-согуп кыйноо» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаган. Жабыркаган аял милициядан арызын алып алган, бирок укук коргоо органдары иликтөөнү улантып жатат.

Бул окуяга парламентте жана өкмөттө да көңүл бурушуп, бирок так эч нерсе сунушташлган жок. Жалгыз сунушту депутат Исхак Пирматов берди. Ал ошондо эле жабыркаган аял арызын чакыртып алат деп болжогон.

Пирматов үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун февраль айында демилгедеген, бирок анын түзөтүүлөрү ошол бойдон каралган эмес. Ал демилгеси парламентте каралат деген үмүттө. Мисалы ал, жабыркагандар арыздарын чакыртып алганы үчүн эле ишти токтотууга тыюу салууну сунуштаган. Анын ою боюнча, ур-токмокко кабылгандар муну туугандардын кысымынан улам кылышат.

Үй-бүлөлүк зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстан боюнча 6145 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан эң көп аялдар жабыркаган — 5 659. Эркектердин саны дээрлик 11 эсе аз — 486.

Аталган фактылардын 649у Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Анын төртөө «Киши өлтүрүү», 451и «ден соолукка оор жана оор эмес зыян келтирүү», алтоо «зордуктоо жана сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренелери менен катталган. Калган 5496 факты Жоруктар жөнүндө кодексинде каралган беренелер менен каттоого алынган.

Эгер үй-бүлөдө ур-токмокко кабылсаңыз эмне кылыш керек?

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Өлкөдөгү аялдардын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык басмырлоого, уруп-согууга жана сексуалдык зомбулукка кабылышкан. Бул жөнүндө Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө айтылат.

Эгер сиз үй-бүлөдө такай ур-токмоктон жабыркасаңыз же жакындарыңызда, тааныштарыңызда ушундай окуялар тууралуу билсеңиз, үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу мыйзам боюнча милицияга кайрылсаңыз болот. Алар сиздин кайрылууңузду каттап, жабыркаган адамга корук кат бериши керек. Бул мыйзам төмөнкүдөй иштейт: