Бир кадр менен: Абылгазиевди узатууда аралык менен санитардык талаптар сакталган жок

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди узатууда тартылган сүрөттү анын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев жарыялады. Сүрөттө 120дан ашуун адамдын бири-бирине жанаша турганын көрүүгө болот.

Алардын арасынан адамдар санитардык нормаларды сактабай жатат, 50дөн көп адам чогулууда, беткап тагынбай жана аралыкты сактабай жүргөндөр толтура деп арызданган жаңы өкмөт башчысы Кубатбек Бороновду да көрүүгө болот.

Боронов санитардык талаптар аткарылбай жаткандыктан адамдар өзүнү жана өзгөлөрдүн ден соолугун коркунучка кептегендиктен, бийлик коронавируска каршы күрөштүн чараларын катаалдатышы мүмкүндүгүн айткан. Мисалы, 50дөн ашуун адам чогулган ресторан жана кафелерди жабуу чечими кабыл алынган.

Азырынча жаңы өкмөт башчысы белгиленген санитардык эрежелерди сактабаганы үчүн өзүнө жана өкмөттөгү башка кызматкерге чара көрөөр-көрбөсү белгисиз.