Биринчи жолу коронавирус Кыргызстанда дээрлик үч ай мурда аныкталды. Ал убактан бери өзгөчө абал режими менен маршруттук барактарды баштан өткөрдүк, ал эми дүкөн жана кафелер жабылып, кайра ачылууга үлгүрүштү.

Республикалык штаб күн сайын жаңы жуктуруулар катталып жатканын билдирип жатты (алар көп!), бирок чындап эле бардыгы ушунчалык коркунучтуубу? Азыр медиктер эмне болуп жатышат? Көбүнесе кандай жол менен жуктурушууда?

Биз «Дата Мектеби» менен биргеликте сиздер үчүн тест даярдадык.

Кыргызстандагы коронавирус тууралуу эмне билериңизди текшерип көрүңүз!