Никитенко: бейөкмөт уюмдардын каржысын эмес, мамлекет өзү алган насыялардын эсебин берсин

Жогорку Кеңештин 18-июндагы жалпы жыйынында Коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ) жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бирок талкуу учурунда аталган мыйзам долбоору эл өкүлдөрү арасында ар кандай пикирлерди кайрадан жаратты.

Депутат Дастан Бекешев эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, бир гана жарандык сектор эмес ишкерлерден тарта катардагы тургундарга чейин жапа чегип кала турганын айтты. Себеби, коммерциялык эмес уюмдар иш-чараларды өткөргөндө жеке ишкерлерден имарат-офистерди ижарага алат. Кызмат көрсөтүү акысы кандай экени купуя сыр болгондуктан алар ачыкка чыкпашы керектигин Бекешев баса белгиледи.

«Бул мыйзам долбоору менен биз баарын ачыкка чыгарабыз. Ошондо ар бир офис боюнча билип калабыз. Бирок бул нерсенин ишкерлерге кереги жок. Алар менен коммерциялык эмес уюмдар иштебей кетип баштайт. Коммерциялык эмес уюмдар жабылат. Бизнес дагы ижарачылардан ажырайт. Кафетеринг, кофебрейк менен алектенген ишкерлер азаят», — деди ал.

Эл өкүлү Карамат Орозова болсо коммерциялык эмес уюмдар мамлекеттен көмөк сурабастан, тескерисинче мамлекет карабай калгандарга жардам берерин айтты. Андыктан мыйзам долбоору кабыл алынып калса, мындай мекемелердин ишине тоскоолдук болорун кошумчалады.

«Ачыктык керек деп жатасыңар. Булардын ачыктыгы бар. Салыкты дагы төлөйт. Бул мыйзам туура келбейт, аны чакыртып алган оң болчу, мен аны колдобоого чакырам», — деди депутат.

Анткен менен аталган мыйзам долбоору Кыргызстанда ишмердигин жүргүзүп жаткан бардык ишкана-мекемелер үчүн керек экенин айткан депутаттар да болду. Мисалы Акылбек Жапаров өлкөдө иш кылган, чет жактан каржыланган мекемелердин отчёттору ачык болушу керек деген пикирде.

«Коммерциялык эмес уюмдар, элчиликтер жана Кыргызстанда өзүнүн ишмердигин жүргүзүп жаткандардын бардыгы ачык-айкын болуп, катардагы жарандар үчүн дагы түшүнүктүү болушу кажет. Бул туура шарт, биз туура багытта баратабыз деп ойлойм», — деди ал.

Жапаров өз сөзүндө Өмүрбек Бабанов премьер болуп келгенде 2012-жылы өкмөттүн бюджети ачык болуп, интернетке жарыяланганын белгиледи. Ошондон кийин парламенттин жана президенттин бюджети дагы ачык-айкын болуп калган деген пикирде.

«Мыйзам долдоору — кошумча бюрократиялык тоскоолдуктарды жаратат»

Бирок Наталья Никитенко аталган мыйзам долбоору саясий жактан гана таңууланып кабыл алынып жатканына токтолду. Депутат азыр коммерциялык эмес уюмдардын каражатын ачыкка чыгарууга эмес, мамлекет өзү алган насыя менен гранттардын сарпталышы боюнча ачыктыкты камсыз кылуусу керек экенин билдирди.

«Эң башкы суроо ири насыя менен гранттарды алган мамлекеттин өзүнө берилиши керек. Алардын бул жааттагы иштери ачык эмес. Элдин чыныгы көйгөйлүү суроолоруна жооп бергендин ордуна көңүлдү башка жакка буруп, социалдык жүктү өзүнө алып жаткан мекеме-ишканаларга кошумча бюрократиялык тоскоолдуктарды түзүп жатат», — деди ал.

Никитенко андан сырткары эгер кайсы бир коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иштерди жасап жаткан болсо аны учурда иштеп жаткан мыйзамдын алкагында текшерүүгө болорун кошумчалады.

Ал эми эл өкүлү Евгения Строкова «коммерциялык эмес уюмдар мамлекет үчүн эбегейсиз иштерди жасады» деген ой такай таңууланып келет деп нааразы болду. Ал мындай ой туура эмес дейт.

«Чындыгында мамлекеттин өнүгүшү үчүн чындап жакшы иштерди жасап жаткандары да бар. Бирок, ушундай уюмдар саламаттык сактоо жана билим берүү тармагында биринчилерден пайда болгон. Алардын берген жардамына карабай бул тармактар алдыга жылып жакшырып кеткен жок. Тескерисинче кыйрады», — деди ал.

Эмне болгон мыйзам долбоору жана аны ким ойлоп тапты?

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга түзөтүүлөрдү депутат Бактыбек Райымкулов демилгелеген. Саясатчы КЭУ тарабынан бардык каржы каражаттары, ошондой эле, мүлк жана кызматкерлердин эмгек маяналары тууралуу бардык кеңири отчёттерду онлайн режиминде тапшыруусун киргизүүнү сунуштады.

Ал эми Кыргызстандагы ар бир бейөкмөт уюм жыл сайын Салык кызматына, Соцфондго жана Улуттук статистика комитетине эсеп-кысап тапшырып турары белгилүү.

Мыйзам долбооорунун маалымкат-незиздемесинде аны аткарууга мамлекеттен каржы талап кылынбайт деп айтылат, бул чындыкка коошпойт. Учурда Кыргызстанда, эгер мыйзам долбооруна түзөтүүлөр кабыл алынып калса КЭУлардан талап кылынып аткан маалыматтардын бардыгы сактала турчу мампортал жок.

Өкмөт болсо отчёттор үчүн атайын маалыматтык система жасап чыгуу көп убакыт жана акча талап кыла турганын билдирген. Ошондой эле, миңдеген уюмдардын отчётторун салыштырып текшерип чыгуу дээрлик мүмкүн эместигин жана ал Юстиция министрлигинин милдеттерине кирбей тургандыгын белгилеген.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 7,7 миң коммерциялык эмес уюм бар жана ал уюмдарда 60 миңге чукул адам иштейт.