Сүрөт баян: Июнь коогалаңында өрттөнүп кеткен имараттар кандай өзгөрдү?

2010-жылы этникалык кагылышуу учурунда Ош шаарында миңдеген турак жай жана имараттар өрттөнгөн. Июнь коогалаңын иликтөө үчүн түзүлгөн Улуттук комиссиянын маалыматына ылайык, экономикага жалпы 3,7 млрд сом зыян келтирилгени менен анын 0,3% гана толукталды.

Өрттөнүп кеткен курулуштардын көбүн эл өзү эле калыбына келтирген. Бирок айрымдар үйлөрүн жана бизнесин сатууга аргасыз болгон.

«Клооп» Ошто 2010-жылы өрттөлгөн айрым имараттар учурда кандай абалда экенине кызыгып көрдү.

Хамза мектеби

Хакимзода Хамза атындагы №13 мектеп шаардын борборунда жайгашкан. Ал июнь окуяларында өрттөнүп кеткен. Бул мектепте көбүнчө өзбек улутундагы окуучулар билим алышкан.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция бул мектепти «кайрадан курууга болбойт» деген корутунду чыгарган. Бүгүнкү күндө ал жерде Түркия тарабынан каржыланган Үй-бүлөлүк медицина борбору салынган. Бирок бир нерсе өзгөртүүсүз калган: бул имарат дагы деле шайлоочуларды кабыл алат.

Кафе жана ресторандар

«Согдиана» рестораны июнь коогалаңынан кийин өзүнүн аталышын жана ээлерин алмаштырууга аргасыз болгон. Биринчи ал «Ак-Ордого» алмашып, бүгүн болсо анын кире беришинде «Азия Mix» деген жазууну көрүүгө болот. Бирок имарат толугу менен калыбына келтирилген эмес — ресторандын оң жагына күйүктүн издери калган бастырмага тосулган.

Сулайман-Тоонун астында жайгашкан жайкы кафенин сүрөтү 2011-жылдын кыш айларында тартылган. Дээрлик бир жыл өтсө да ээлери аны оңдоп-түзөөгө шашылышкан эмес. Бүгүнкү күндө ал жерде түрк таттуулары сатылууда.

2011-жылдын кыш мезгилинде тартылган экинчи сүрөттө Ак-Бууранын жээгинде жайгашкан кафени көрүүгө болот — тагыраак айтканда, ал кафенин калдыктарын. Акыркы он жыл ичи «Golden Coast» кафесинин ээси аны калыбына келтирип, кеңейтип, жашылданттырган.

Июнь окуясында шаардын борбордук көчөлөрүнүн биринде «Меркурий» кафеси жана «Народный» супермаркети өрттөнгөн. Күйүп кеткен имараттар кайрадан оңдолуп, бүгүнкү күндө ал жерде «Алтын Ордо» кафе-рестораны жана «Cyber Arena» компьютердик клубу иштеп жатат.

«Мухаррам» супермаркети

«Reuters» басылмасынын журналисти «Мухаррам» супермаркеттин өрттөнүп жатканына күбө болгон. Ага чейин белгисиз адамдар дүкөндү тоноп кетишкен. Июнь коогалаңынан кийин ишкананын ээси өзүнүн бизнесин жанданта албай калган. Мындан улам бул жерде «Brand Mix» соода түйүнү ачылган.

«Миру мир»

Эски базардагы «Миру мир» («Дүйнөгө тынчтык») жазуусу шаардын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелинген. Кагылышууда жазуунун астындагы соода күркөлөр өрттөнүп кеткен. Бийлик аларды калыбына келтирген эмес. Азыр бул жерде мөмө-жемиштер сатылууда.

Алишер Навои көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу имаратта мурун эмне жайгашканы белгисиз, бирок бүгүн ал жерде чач-тарач, оюн клубу, дарыкана жана стоматология жайгашкан. Оңдоо иштери бир жылдан ашуун убакыттан кийин башталган. Ал эми анын жаныда жайгашкан имарат калыбына келтирилген эмес: анын экинчи кабатында дагы деле күйүктөрдүн издерин көрүүгө болот.

Башка аймактарга салыштырмалуу Кулатов кичи району (мурунку «Западный») чоң зыянга учураган эмес. Бирок сүрөттөгү унаа июнь окуяларында күйүп кеткен болушу мүмкүн. 10 жыл ичинде кичи райондогу көп кабаттуу үйлөр ачык түскө боёлуп, сквер курулган.

Бонус: «Алай» мейманканасы бүгүнкү күндө

Сүрөт: Элдияр Бакиров/Клооп

Белгилүү болгондой эле, коогалаң «Алай» мейманканасынын алдында башталган. Ошол убакытта өрттөлгөн мейманканын сүрөтүн издөөдөн майнап чыккан жок. Ал эми бүгүнкү күндө мейманкана аталышын «Osh Grand Hotel Chavo» деп алмаштырган. Анын ээлеринин айтымында, мейманкана «эл аралык бизнес-отель» наамына ээ.