Парламент шайлоо босогосун 9%дан 7%га чейин төмөндөтүүнү жактырды

18-июнда парламенттин депутаттары үчүнчү (акыркы) окууда көпчүлүк добуш менен парламенттик шайлоодо партиялар үчүн шайлоо босогосун төмөндөтүү тууралуу мыйзамды колдошту.

Күзүндө өтө турган парламенттик шайлоодо партиялар шайлоочулардын добуштарынын жалпы санынын 7%ынан кем эмес добуш алышы керек. Буга чейин бул көрсөткүч 9% болгон.

Маалымкат-негиздемеде мыйзам долбоорунун авторлору билдиришкендей, «9% босогодон өтүү үчүн партияларда авторитет жана калктын арасында колдоо болушу керек, чоң каржы жана административдик ресурстарды колдонуу керек болот», ал эми шайлоо босогосун төмөндөтүү ар кандай партиялардын өкүлдөрү парламентте өкүлчүлүк кылышына түрткү болмок.

Эми түзөтүүлөргө президент кол коюшу керек.

2010-жылдагы шайлоодо шайлоо босогосу 5% түзгөн, бирок аны 2015-жылдагы шайлоонун алдында 7% чейин көтөрүшкөн. Ошол эле чакырылыш 2017-жылы жактырган түзөтүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңешке өткүсү келген партиялар шайлоо участкасына келген шайлочулардын 9%дан кем эмес добушун алуулары керек болгон.

Партиялардагы чаржайыттык

Шайлоодо партиялар үчүн шайлоо босогосун азайтуу тууралуу депутаттар үстүбүздөгү жылдын октябрында пландалып аткан парламенттик шайлоонун алдында кеп кыла башташты. Парламенттеги партиялардын жана анын тышындагы жагдайлар өлкөдө ар бир саясий бирикмеге учурда мыйзамда жазылгандай добуштардын 9% алууга кыйындык жаратаарын көрсөтүп турат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун айынан качандыр бир кезде бийликчил болуп турган КСДП партиясы учурда лидерлик позицияларын жоготуп койгон. Ал сот териштирүүлөрүнөн улам шайлоого катышпай да калышы мүмкүн.

Лидерлик позицияда болгон дагы бир — «Республика — Ата-Журт» партиясы да учурда башынан кризисти өткөрүүдө. Партияда чаржайыттык байкалып турат, анткени анын лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон утулуп калгандан кийин саясаттан кеткен болчу. Ал шайлоо учурунда жана андан кийин да Жээнбеков менен Атамбаев кысым көрсөтүп, ага карата козголгон кылмыш иштерин аягына чейин чыгаруу менен коркутушканын билдирген. Учурда партияны Мирлан Жээнчороев жетектейт.

Натыйжада учурда парламентте күчтүү партия жок, ошондуктан учурдагы депутаттар мүчө боло баштаган жаңы биригүүлөр пайда болду.

Мисалга, жакында эле Кыргызстандын алты саясий партиясы жаңы «Ата Мекен Жаңы дем» альянсынын алдында биригишкени белгилүү болду. Жаңыланган курам менен алар шайлоо кампанияларына катышып, 2020-жылы күздө өтө турган шайлоого даярдык көрүшөт.

Кызматташуу жана биригүү жөнүндө макулдашууга Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен»), Темир Сариев («Ак шумкар»), Рыскелди Момбеков (КСДП), Тилек Токтогазиев («Жаны Дем» жаштар кыймылы), Азамат Темиркулов («Кыргызстандын Жашыл альянсы») жана Жанар Акаев (КЛДП) кол коюшкан.

Жергиликтүү кеңешке шайлоолор коронавирус пандемиясынан улам өтпөй калган, бирок шайлоо өнөктүгүндө «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партиялары алдыга озуп чыгышкан — бул партиялардын жетекчилерин бир жактан Матраимовдордун кланы менен, экинчи жактан Жээнбековдордун кланы менен байланыштырышат.

Булардан сырткары «Чоң Казат» кыймылы таанымал боло баштады, кыймылдын мүчөлөрү бай саясатчылардын бетин ачууну жана «уурдалгандарды кайтарууну» талап кылышууда.