![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2020/06/ccd859f4-1ecf-49b7-baa8-37a7a903b3bd-1.jpg.850x445_q82_crop-1.jpg)
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 22-июнда коронавирус жуктуруп алган дагы үч бейтап каза болгонун кабарлады.
Каза болгондордун бири — Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасында дарыланган 68 жаштагы аял. Экинчи бейтап — 68 жаштагы эркек — Талас аймактык ооруканасында көз жумду. Ошондой эле Жалал-Абад облусундагы Ноокен аймактык ооруканасында 60 жаштагы аял кайтыш болду.
Ушуну менен COVID-19дан каза болгон бейтаптардын саны 40ка жетти — алардын арасында эки медкызматкер бар. Өлкөдө 22-июнга карата коронавирустун жаңы 205 учуру катталды — жалпы 3356 учур.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.