Коллаж: Майя Абдылдаева

23-июнга карата COVID-19 илдети жуккандар 3519га жетти. Коронавирустун биринчи учуру аныкталган күндөн бери 41 адам каза тапты. Алардын жарымынан көбү июнда өмүрү менен кош айтышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Кубатбек Боронов жана Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү эпидемкырдаалга кабатыр. Анткени сырттан келгендер жана өлкө ичинде карым-катнашта болуп оору жуктургандардын саны өсүүдө.

Коронавирус менен күрөшүү көбүнесе COVID-19га канча жана кантип текшерип жатышканынан көз каранды. «Клооптун» журналисттери өлкөдө жуктургандарды аныктоо боюнча кырдаалды талдап, бийлик тесттерди жетишээрлик жүргүзбөй жатат деген тыянакка келди.

Эмне болуп жатат?

Кыргызстанда өзгөчө абал (ӨА) режими токтотулгандан кийин коронавирус жуктуруу учурларынын саны өсө баштаган. Эгер ӨА режими маалында орточо эсеп менен күндө 21 учур катталып жатса, 11-майдан тарта орточо эсеп менен күн сайын 57 адам аныктала баштаган.

Коронавирустун катталган бардык учурларынын үчтөн бири акыркы аптага — 17-23-июнга туура келди. Муну менен бирге COVID-19 диагнозу коюлган адамдар да көбүрөөк каза таап жатат. Акыркы бир жума ичинде 13 адам каза болуп, бул дүйнө салгандардын жалпы санынын үчтөн бирине туура келет.

Көбүнчө коронавирус жуктургандар Бишкек жана Чүй облусунда аныкталууда, бул жактарда илдетке кабылгандар 2000ден ашык. Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова муну «алыскы жана жакынкы чет өлкөдөн келип жаткандардын көбөйүшү, [ички] чек араларды ачуу жана ички авиакаттамдар менен автотранспорт катамдарын жанданганы» менен түшүндүрдү.

«Дагы бир фактор — калктын коронавируска ишенбей жатканы. Медиктердин беткап тагынгыла, социалдык аралыкты сактагыла,, антисептик жана жеке гигиена каражаттарын колдонгула деген талаптарын аткарбай жатканы да себеп», — дейт Волкова.

Кыргызстанда тестирлөө жетишээрлик өтүп жатабы?

Саламаттык сактоо министрлиги адамдардан коронавируска карата 5-февралдан тарта тест ала баштаган. Бирок пандемия маалында ар кандай сандагы тесттер жасалып келген. Биз толук период ичинде бир суткада өткөрүлгөн тесттердин орточо санын эсептеп чыгып, ӨА режими токтотулгандан кийин бул сан эки эсе көбөйгөнүн аныктадык.

20-июнга карата карата өлкөдө дээрлик 184 миң анализ жүргүзүлгөн. Бул миллион калк үчүн болгону 29 миңге чукул тест жасалды дегенди түшүндүрөт. Дүйнөнүн башка мамекеттерине салыштырмалуу бул анчейин көп эмес, мисалы башка 70 өлкөдө тесттер көп жүргүзүлгөн.

Мисалы, Европа өлкөлөрүндө 1 млн адам үчүн жүз миңден ашуун тест жүргүзүлдү — ал жак коронавирустун тастыкталган учурларынын саны эң ле көп болуп жаткандардын ичине кирет. Испанияда ар бир миллион кишиге 100 000ден ашык тест алынып, жыйынтыгында 6 миңден ашуун адам илдет жуктурганы белгилүү болгон.

Коронавирустун белгилүү болгон учурларынын баарын эске алуу менен адамдарды канча көп тесттен өткөрүшсө ошончо көп учур катталып атканын көрүп жатабыз.

Тестти аз өткөргөн өлкөлөр чындыгында бардык эле жуктурган адамдарды аныктай албай жатат. Мисалы, айрым Африка өлкөлөрүндө учурда COVID-19 тастыкталган учурлардын саны жүздөн ашпайт ашпайт (Эфиопия, Мали, Нигер), анткен менен ал жакта бир млн адам үчүн өткөрүлгөн тестттердин саны эки миңге жетпейт.

Тест алуу бардыгын аныктоого жардам берип жатабы?

Тестти көп жүргүзүү жуктургандардын баары аныкталат дегенди кепилдебейт. Буга тесттин өзүнүн сапаты менен тесттен өтө турчуларды тандоо таасир берет — карым-катнашта болгондор, тыштан келгендер, симптому жоктор.

Ошондуктан өлкөдө жүргүзүлгөн тесттердин бардыгынан аныкталган учурлардын пайызы да маанилүү.

«Тест алуу салыштырмалуу жогору өлкөлөрдө, тесттердин жалп1ы санына 3%дан баштап 13%га чейин оң жыйынтык туура келет. Эгер оң жыйынтыктардын пайызы төмөн болсо, анда, чындыгында керек эмес жерлерде тестирлеп жаткан болушу керек», — деп билдирген басма сөз жыйында ДССУнун өкүлү Мария Ван Керхоф.

Биз дүйнөдөгү оң тесттердин пайызын талдап чыктык. Өткөрүлгөн 100 тестке орточо тогуз аныкталган учур туура келет, ал эми Кыргызстанда экиден аз (1.9%). Көрсөткүчү ушундай эле өлкөлөр бар, бирок биздин талдоо бул өлкөлөрдө чындап айтканда эбактан бери эле тесттен өткөрүп келишээрин, ал эми эпидемия басаңдап баратканын айтууда.

Эгер ар башка мезгилде жасалган тесттердин оң жыйынтыктарынын үлүшүн карай турган болсок, өзгөчө абал алынгандан кийин бул көрсөткүчтөр 2,2 %га, ал эми соңку эки аптада 3%га чейин өскөн. Бирок бардык мезгил үчүн оң жыйынтык берген тесттердин пайызы болгону 1,9% түзөт.

Жалпы тесттердин ичине алгачкы жана экинчи жасалган тесттердин да кирип жатышы пайыздардын мындай төмөн болуп жатышынын бир себеби. Демек, бул сан — 184206 тест — бул сынамдарды тапшырган адамдардын саны эмес, бул ар бир алынган анализ, анын ичинде мурдагы жыйынтыктарды да текшерүү кирет.

Бир адам бир нече жолу тест тапшырат. Мисалы, саламаттык сактоо министринин айтымында, биринчи анализ жугузган адамдын да жыйынтыгын терс көрсөтүп коюшу мүмкүн, анткени «вирус канда аракетин баштай элек болот».

«Иммунитет түшүп, вирус канга аралашканда — температура көтөрүлөт. Организм вирус менен күрөшкөндөн кийин ал антителолорду иштеп чыгат — бул 6-7-күн, ошондо анан тест туура жыйынтык көрсөтүп берет», — деди ведомствонун башчысы Сабиржан Абдикаримов 22-июнда брифингде.

Ооруканадан чыгаар алдында коронавирус жуктургандар жыйынтык терс чыкмайын дагы тест тапшырышат.

Саламаттык сактоо министрлиги тесттердин саны тууралуу кандай ойдо?

Кыргызстанда бир эле лаборатория COVID-19дун бар-жогун аныктачу изилдөө жүргүзө алат. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун айтмында, тест тапшырууну каалагандардын саны чоң болгондуктан, ал жакка «абдан» күч келип жатат.

Ошол эле учурда ким тест тапшыра алаарын эпидемиолог чечет.

«Бардыгынан анализ ала берүү кажет эмес, анткени эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча эң жакынкы байланышта болгондор бар. Анализди кимден алаарыбызды ар бир учурда эпидемиолог аныктайт», — деп билдирген Абдикаримов 22-июнда брифингде.

Мындай позицияга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) макул эмес. Ал март айынын ортосунда эле башка өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө калкты тестирлөө боюнча программаны максималдуу жайылтууну сунуштаган.

«Көзүң таңылуу болсо өрттү өчүрө албайсың. Ким жуктурганын билбесек пандемияны токтото албайбыз. Биздин мамлекеттердин бардыгына чакырыгыбыз эң жөнөкөй: тест өткөргүлө, тез өткөргүлө жана тест өткөргүлө», — деди ДССУнун башчысы Тедрос Гебрейесус. Ал «пандемиянын жаңы кооптуу фазасы» жөнүндө айтып жатканда да тестирлөө тууралуу сунушун дагы бир жолу ырастады.

Коронавируска тестирлөө оорунун жугуусунун чыныгы көрүнүшүн көрүүгө, ооруга чалдыккандардын мүмкүн болушунча көбүн аныктоого (жана обочолоого), ошондой эле инфекциянын андан аркы жайылышын эскертүүгө жардам берет.

Бирок Абдикаримов өлкөдө тест-системалары «жетиштүү» деп эсептейт: 100 миң өлчөмүндөгү запас үч айга жетиши керек, ведомство ПЧР-анализдердин дагы келишин күтүүдө.

Ошондой эле, ал тесттер «сапатсыз болушу мүмкүн эместигин» кошумчалады, анткени алардын сертификаттары бар жана ар башка өлкөлөрдөн алынып келинет: Орусия, Беларус, Түркия, Германия.

Авторлору: Савия Хасанова, Азиза Раимбердиева

Контрибьютор: Камила Баймуратова

Редактору: Анна Капушенко

Которгондор: Кайрат Замирбеков, Алмир Алмамбетов

Башкы коллаж: Майя Абдылдаева