Нурлан Токобаев: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун пайдасынан зыяны көп

Экономика илимдеринин кандидаты Нурлан Токобаев көптөн бери курулат деп келе жаткан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу салынып калса, Кыргызстанга кандай таасир берери тууралуу ойлору менен бөлүштү.

«Пикир» рубрикасында жарыяланган материалдар автордун жеке пикирин чагылдырат.

2020-жылдын 18-июнунда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу бир айдан кийин баштала турганын маалымдап, бирок, бир күндөн кийин жалпыга маалымдоо каражаттарын жалган маалымат таратты деп айыптаган билдирүү жарыялады. Анда долбоор боюнча Кыргызстандын, Кытайдын, Өзбекстандын жана Орусиянын транспорт министрликтеринин жана темир жол администрацияларынын деңгээлинде сүйлөшүүлөр дале уланып жатканы белгиленет. Толук макулдашуу боюнча жолугушуулар жакын арада өтөрү күтүлүүдө.

Экономика илимдеринин кандидаты Нурлан Токобаев

Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жолдун куруу долбоору 20 жылга чукул убакыттан бери талкуу жаратып, ишке ашпай келе жатат. 2007-жылдары Нариман Түлеев «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасында директор болуп турган учурда, ага чейинки Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча келишимдерди жокко чыгарып, бул долбоорго каршы экенин билдирген.

Кытайдын темир жол куруу долбоорунун башкы максаты – темир жол аркылуу Европа, Африка жана Азиянын башка өлкөлөрүнө чыгып, алардын рынокторун ээлөө. Ошондой эле, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү ыксыз карызга батырып, алардан кен байлыктарды, минералдык заттарды, сырьелорду темир жол аркылуу Кытайга ташып келүүгө кызыктар экени баарыбызга маалым болсо керек.

Кыргызстандын көпчүлүк чиновниктери бул долбоордун ишке ашышы, мамлекетибиздин бюджетине транзиттин эсебинен акча түшүп тураарын, Кыргызстанда өндүрүлгөн органикалык жер-жемиштерди экспорттоодо Европага жол ачылып, ата-мекендик өндүрүшчүлөрүбүз үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр жараларын айтып келишүүдө. Ооба, транзиттен бюджетке акча түшүшү мүмкүн. Бирок, ата-мекендик өндүрүшчүлөрүбүзгө мүмкүнчүлүк түзүп беребиз деп, тескерисинче, аларды жок кылып албайбызбы? Себеби, Кыргызстанда майда өндүрүш көйгөйүнөн улам экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ошондой эле, Европа өлкөлөрүнө Кыргызстандын органикалык жер-жемиштерин экспорттоодон мурун, мамлекетибиздин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо деңгээлине көз чаптырбайлыбы.

«Долбоордун пайдасынан зыяны көп!»

Чындыгында, бул долбоордун пайдасынан зыяны көп! Эмнеге чиновниктердин арасында бул долбоордун зыяндары тууралуу айтылбайт? Себеби мамлекетибиздин мындай кадамы өлкөбүздүн эртеңи үчүн чоң коркунучтарды жаратышы мүмкүн. Кыргызстан экономикалык жана саясий утулушка кадам таштап жатат десек да болот.

Мамлекетибиздин мындай туура эмес келишимин бул жолду басып өткөн афро-кытай темир жолунун тажрыйбасы тастыктайт. Буга чейин Чыгыш Африкада Кытайдын «China Road and Bridge Corporation» (CRBC) мамлекеттик компаниясы темир жол салып берген. Кытай тарап Африка өлкөлөрүнө темир жол салуу максатында 4 нерсени сунуштаган:

1) айлана-чөйрөнү коргоону;

2) коопсуздукту камсыздоону (террористтерден);

3) ооруканаларды куруп берүү;

4) мектептерди салуу;

Мисалы, Кытай Кенияга карызга темир жол салып берип, Кения карызды төлөп бергенге чейин темир жолду башкарабыз деген шартта долбоор ишке ашырылган. Бүгүнкү күндө, Кытай тарап сунуштарын аткарып, Африкадан темир жол аркылуу канчалаган кен байлыктарды ташып кетишүүдө. Ошондой эле, Кытай темир жолунун кесепетинен Африканын көптөгөн ата-мекендик ишканалары Кытайдын арзан товарларына атаандаштык жарата албай банкротко учурашты. Африка өлкөлөрүнүн базарларын Кытайдын товарлары, химикат менен суугарылган жер-жемиштери каптап кетти. Бул көрүнүш Араб өлкөлөрүндө да чоң көйгөйгө айланууда.

Эң жөнөкөй, КМШ өлкөлөрүнөн биринчилерден болуп, Кыргызстан 1998-жылдары Дүйнөлүк соода уюмуна (ВТО) мүчө болуп, көптөгөн ата-мекендик өндүрүүчүлөрүбүз Кытайдан өлкөбүзгө импорттолгон товарларга атаандаш боло албай, банкротко учурап, экономикалык кыйла кыйынчылыктарды баштан кечирдик го. Мамлекетибиз импортко көмүлүп, жумушсуздуктун айынын канчалаган кишилер ар тарапка чачырап (Орусия, Казакстан), көпчүлүгүн «Дордой» базары сактап калды! Же ал тажрыйбаларды, кыйынчылыктарды бат эле унутуп койдукпу? Ал эми, экономикасы, көлөмү жактан жогору турган кошуна өлкөлөр – Казакстан, Орусия биринчи кезекте өзүнүн ата-мекендик өндүрүүчүлөрүнүн атаандаштыгын бекемдеп, анализдеп, араң 2012-жылдары Дүйнөлүк соода уюмуна киришти.

Эгерде Кытай темир жолу салынса транспорттук чыгымдар азайып, кытай товарлары кыйла арзандап, ата-мекендик өндүрүүчүлөрүбүз чоң соккуга учурайт. Ансыз деле мамлекетибиз Кытай карызына малынып, Кытай тарап Кыргызстандын кен-байлыктарына суктанып, экономикалык эле эмес, бизге болгон саясий бут тосуулары жетиштүү.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын мамлекеттик ички жана тышкы карызы 4 миллиард 72 миллион доллар болду (анын 45%ы Кытай банкына таандык). Бул өлкөнүн ички дүң продукциясынын 56%ын түзөт. Ал арада эксперттер тышкы карыздын көлөмү ички дүң өнүмгө карата 60%дан ашпашы керектигин билдирип келишет. Ошондой эле, Кыргызстан Кытайдан эң көп карыз алган мамлекеттердин катарында экендигин да эстен чыгарбайлы!

Алыс барбай, коңшу Тажикстанды алсак, 2 жыл мурун Душанбе-2 ТЭЦин модернизациялоого керектелген карызды жабуу үчүн Тажикстандын Согд аймагындагы алтын кенин Кытайга өткөрүп берди. Ал эми, кенди кытайлык ТВЕА компаниясы иштетери коомчулукка маалым болду. Тажикстандын басып келе жаткан кадамдары, бизде болуп жаткан акыркы окуяларга төп келип жаткандыгы да келечекте тынчсыздандырбай койбойт.

Ошондой эле, Шри-Ланка Кытайга карызын төлөй албагандыгы үчүн Кытайдын мамлекеттик фирмасы Шри-Ланканын Хамбантота портун өз көзөмөлүнө алган. Эгер биздин өлкө өнүккөн, ата-мекендик өндүрүүчүлөрүбүз атаандаштыкка туруштук бере алган даяр продукцияларды Кытайдын, же Европа өлкөлөрүнүн рынокторуна чыгара алган деңгээлде болсо Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоору биз үчүн пайдалуу болмок.

Эң жөнөкөй эле мисал, коңшу өлкө – Казакстанга товарларыбызды киргизе албай, канча жылдан бери маселе жаралып, ата-мекендик өндүрүүчүлөрүбүз кыйналып келишет. Анысы аз келгенсип, өлкөбүз араңдан зорго «өлбө жаным, өлбө!» деп турганда, азырынча мындай кадамдарга барууга даяр эмес! Дагы айтып кетчү нерсе: эмнеге кыргыз чиновниктери коомчулуктун кызыкчылыгын эске албай, чечимдерди кабыл ала беришет? Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча долбоорду ишке ашырууда Кытай менен Кыргызстандын келишимин коомчулукка ачык-айкын билдирүүсүн талап кылабыз!

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун тарыхы

Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жолдун курулушу көп жылдан бери айтылып, ишке ашпай келатат. Мисалы, 2002-жылы «Чайна роуд» кытай компаниясы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, узундугу 268 чакырымга жакын темир жолдун каттамын төмөнкүдөй аныктаган: Кашгар (Кытай) – Торугарт – Арпа өрөөнү –Фергана кырка тоосу – Өзгөн – Кара-Суу (Ош облусу) - Анжиан.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден кийин Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ордуна Тажикстан – Кыргызстан – Казакстан – Орусия темир жолун куруу демилгесин көтөргөн. Бирок бул демилгеге эч кайсы тараптан колдоо болгон эмес. Ошондон кийин кыргыз бийлиги кайра Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун жактап, мүмкүн болушунча көп калктуу конуштарды камтыган төмөнкү эки маршрутту сунуштаган. Биринчи маршрут: Торугарт – Достук – Ат-Башы – Жалал-Абад, узундугу 433 км,ал эми, экинчиси: Торугарт – Арпа – Кара-Суу, узундугу 278 км.

Бирок, Кытай тарап башкача көз карашын билдирип, темир жолдун узундугу кыскараак 100 км болгон вариантты сунуштаган. 2019-жылдын ноябрь айында президент Сооронбай Жээнбеков Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалганын маалымдаган. Анткен менен кыргыз өкмөтү табарынан темир жолдун узундугу, маршруту, стандарттары, эки тараптуу келишимдер тууралуу конкреттүү билдирүү боло элек.