Сүрөт: Ибраим Нуракун уулу

Парламенттин 24-июндагы жыйынында 19дан ашык мыйзам долбоору менен улуттук банктын отчёту каралды. Анткен менен мыйзам долбоорлорун карай тургандардан дээрлик эч ким болгон жок — ооруканада коронавирустан дарыланып жаткан Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу жарым-жартылай ээнсиреген парламенттин сүрөтүн жарыялады.

Ошол эле учурда депутат Аида Касымалиева жыйынга 91 депутат катталгандыгын журналисттерге билдирди, бирок жыйындар залында депутаттардын саны кыйла аз. Депутаттардын бир бөлүгү COVID-19дун айынан келе албай калганы белгилүү — эң аз дегенде бир нече эл өкүлүндө коронавирус тастыкталган.

Ошондой эле парламентте айрым кызматкерлер да инфекция жуктуруп алышкан, алардын арасында парламенттин басма сөз кызматынын башчысы да бар. Ушундан улам жыйындардын онлайн-трансляциясы токтотулуп, журналисттерди Жогорку Кеңештин имаратына киргизбей калышкан.

Мурдараак айрым депутаттар алар үчүн кесиптештери добуш берип, добушту алар өздөрү кандай кааласа ошондой бербей башкача добуш берип коюп жатышканын айтып даттанышкан. Мисалы мындай билдирүүлөрдү Жанар Акаев, Мирлан Жээнчороев жана Аида Касымалиева жасашкан. Бирок, депутаттар кесиптештери ишеним кат берген учурда гана алар үчүн добуш бере алышат.

Депутат Сайдулла Нышанов буга чейин журналисттерге бир катарда отурган үч же төрт кесиптеши үчүн добуш берүүгө көнгөнүн айтып мактанган.