Чүйдө алты гектарга эгилген арпа күйүп кетти

Чүйдүн Аламүдүн районундагы Константиновка айылында алты гектар арпа күйүп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымдашынча, тилсиз жоо 23-июнда саат 17:00дөрдө башталган.

ӨКМ жарыялаган сүрөт

Учурда адистер өрттүн себебин тактап жатышат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын бир катар аймактарында дан эгиндеринин жыйноо башталды. Атап айтканда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда эгин жыйноо башталды. ӨКМдин кызматкерлери өрттүн чыгуусун алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.