Өлкөдө COVID-19 илдетинен 2082 киши айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 24-июнда маалымдагандай, өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 28 бейтап коронавирустан айыкты.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 7;

Ысык-Көл облусунда — 6;

Чүй облусунда — 5;

Баткен облусунда — 3;

Ош облусунда — 2;

Нарын облусунда — 2;

Талас облусунда — 2;

Ош шаарында — 1.

Ушуну менен коронавирустан айыккандардын жалпы саны 2082ге жетти — бул жалпы оорулуулардын 55 пайызын түзөт. Айыккандардын арасында 389 медкызматкер дагы бар.

Кыргызстанда 24-июнга карата коронавирустун жаңы 207 учуру катталып, жалпы оору жуккандар 3726га жетти. Ооруканаларда 623 адам жатат — алардын 12си жандандыруу бөлүмүнө которулган.