Кыргызстандыктар 25-июнда интернетти цензурага алып келиши мүмкүн болгон мыйзам долбооруна каршы парламенттин имаратынын алдына митингге чыгышты. Парламенттин депутаттары аны экинчи окууда карашы керек.
Тынчтык митингине жүздөн ашык активист чогулду. Алар: «Гүлшат кетсин! Айнура, мандатыңды тапшыр!» деген ураандар менен мыйзам долбоорунун демилгечилеринен ыйгарым укуктарын тапшырып кетүүлөрүн талап кылышты.
Ошондой эле активисттер чектөө киргизген мыйзам долбооруна каршы петиция үчүн кол топтоону чечишти.
Митингчилерге депутат Дастан Бекешев чыгып, жигердүүлүгү үчүн аларга ыраазычылык билдирди.
«Бул мыйзам долбоору мунусу менен коопту: силер бүгүн айткан сөз эртең жалган болуп калышы мүмкүн», — деди Бекешев.
Бекешевдин айтымында, парламентте добуш берүү үчүн жетиштүү сандагы депутаттар отурат, алар дээрлик 50 маселени карап чыгышмакчы.
Мындан бир күн мурда фейсбуктун колдонуучулары Асылбаеванын постуна 4 000ден ашуун комментарий калтырып, нааразычылыктарын билдиришкен. Алар депутаттан «элге каршы болгон» мыйзам долбоорун чакыртып алуусун жана мандатын тапшыруусун талап кылышкан.
Юристтер жана жарандык коом бул мыйзам долбоору мамлекет тарабынан интернеттеги цензурага алып келет жана жарандардын сөз эркиндигине болгон конституциялык укуктарын бузат деп эсептешет.
Бул мыйзам долбоору эмнени көзөмөлдөйт?
Асылбаеванын ою боюнча, аталган мыйзам долбоору фейк аккаунттарга каршы күрөшүүгө жана эгер бирөө-жарым интернетте башка адам жөнүндө жалган маалымат таратып жатса, анын ар-намысы менен кадыр-баркын коргоого жардам берет.
Депутат айым жалган маалымат жарыялагандардын артынан байкоо салууну жана мындай маалымат андан ары жайылбашы керектиги боюнча чечим чыгаруу милдетин маданият министрлигине жүктөөнү сунуштайт. Маданият министрлигинин чечиминен кийин колдонуучу же сайттын ээси жалган маалымат таратууну токтотуш керек болот.
Эгер маданият министрлигинин чечими аткарылбай жатса, анда соттун чечими боюнча ал маалымат бөгөттөлүшү керек. Балким техникалык жактан да сайттарды толук бойдон бөгөттөш керек болот.
Мындан тышкары, интернеттин колдонуучулары өздөрүнүн чыныгы маалыматтарын көрсөтүшү керек болот, ал эми колдонуучулар жарыялаган маалыматтардын баары интернет-провайдерлерде жарым жыл бою сакталууга тийиш. Соттун сурамы боюнча провайдерлер бул маалыматты бериши керек.
Маалыматтарды сактоо үчүн кымбат жабдыктарды ким сатып алышы керектиги тууралуу мыйзам долбоорунда жазылган эмес. Мындан тышкары, мыйзамдын долбоорунун өзү орусиялык мыйзамдан көчүрүлүп алынган. Мыйзам долбоорунун айрым нормаларын техникалык жактан аткаруу кыйла оор.